Камчыбек Ташиевдин айылдаштары президенттик кортежди кол чаап тосуп алышты

Президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барган. Анда ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышкан.

19-декабрда Жапаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди коштогон кортежди Сузактын ондогон тургуну жолдун боюнча тизилип, тосуп чыккан тасма тарады. Видеонун автору «кетти Барпыга» деген комментарий берген.

Барпы айылы — Ташиевдин кичи мекени. Жапаров менен Ташиевдин көп жылдык достук мамилеси бар. Алар биргеликте «Ата-Журт» жана «Мекенчил» партияларын негиздешкен.

*Барпы айылы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «президент мындай демилгелерге каршы чыгып келет» деп билдирди. Ошондой эле басма сөз катчы бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталганын белгиледи.

«Жалал-Абад облусундагы окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо үчүн анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоо болгон-болбогону боюнча да кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө», — деди Султанбаев.

Ал эми президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тасма Барпы айылында тартылганын тастыктады. Өкүлчүлүктөн тургундар президенттик кортежди тосуп чыгуу «атайын уюштурулган эмес» деп ишендиришти.

«Окуя учурунда жашоочулар өлкө башчысын көрүү жана аны сый-урмат менен тосуп алууга өз каалоолору менен чыгышканын айтышкан», — деп билдиришти облустук администрациядан.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров: Армия бюджеттин эсебинен жакшыртылат