УКМКнын Жалал-Абаддагы жаңы имаратынын ачылышына Жапаров өзү катышты

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ошондой эле иш-чарада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да болду.

Жапаров УКМК кызматкерлерине өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы «кубанычтуу көрүнүш» деп белгиледи. Ошондой эле ал атайын кызмат өз ишинде «ийгиликтерди жаратып жатканын» айтты.

Мындан сырткары президент УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, аймактардагы бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды, заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары бар экенин белгиледи.

Андан соң Жапаров жаңы имарат жана анын медициналык пункту менен таанышып чыкты.

Имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда башталган. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барып капсула салган.

Аталган имарат Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында жайгашып, 1,4 гектарды ээлейт. Ошондой эле үч кабаттан болуп, эки блоктон турат.

Биринчи блок административдик имарат болуп, анда жетекчинин, анын орун басарынын жана кызматкерлердин 77 бөлмөсү жайгашат. Ошондой эле санузелдер, курал-жарак сактоочу жай, кампа жана архив болот. Ал эми экинчи блокто жыйындар залы, ашкана жана жарандарды кабыл алуучу имарат жайгашат.

Мындан сырткары, «Альфа» бөлүмү үчүн имарат, тир, дагы бир курал жарак сактоочу жай, машыгуучу жай, бильярд, душ, кампа, тергөө бөлүмү үчүн бөлмөлөр, ТИЗО, кампа жана унаа токтотуучу жай курулат.

УКМКнын башчысы мекеменин жаңы имараты «100 млн сомго — демөөрчү берген каражатка курулат» деп айткан. Ал башкы куруучуга курулушту 1-декабрга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген болчу.

УКМК үчүн түзүлгөн шарттар, белгисиз «демөөрчүлөр»

Ташиев УКМК үчүн курулган имараттардын биринде. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматка келгенден бери атайын кызмат үчүн шарттар түзүлүүдө — УКМКнын өлкөнүн аймактарындагы дээрлик ар бир бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттар салынып жатат.

Жаңы курулуштар кайсы каражатка салынып жатканы көп учурда ачыктала бербейт.

Мындан сырткары июль айында Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушу башталган.

Көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын аягында толугу менен бүтүп, чек арачыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилери кабарланган.

УКМКнын төрагасы үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, «шериктеш мамлекеттин» жардамы менен курулуп жатканын билдирген. Бирок Ташиев өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан эмес.

Ал эми жакында эле Кыргызстанда УКМКнын академиясы түзүлөрү белгилүү болду. Окуу жай генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында ачылары айтылды.

Тема боюнча:

Кыргызстанда УКМКнын академиясы ачылат