Садыр Жапаров: Армия бюджеттин эсебинен жакшыртылат

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушууда өлкө армиясы жакшыртылып жатканын айтты.

«Союз тарагандан бери Кыргызстан өз эсебинен бир дагы аскердик техника сатып алган эмес. Аскердик-техникалык колдоо ар дайым ар кайсы мамлекеттер тарабынан көрсөтүлүп келген. Ушуга байланыштуу өлкөнүн армиясын чыңдоо, анын материалдык-техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу жана мунун бардыгын өлкөнүн бюджеттик каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу чечими кабыл алынды», — деп билдиришти президенттик администрациядан.

Буга чейин Кыргызстанга Түркиянын «Байрактар» учкучсыз аппараттары алып келинген. Бирок канча учкучсуз учуучу учак келгени айтылган эмес.

«Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан, бирок ага канча акча жумшалганы айтылган жок.

Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учактарды сатып аларын 21-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал мындан сырткары Кыргызстан Орусиядан «Орлан-10» аскердик дрондору да алынарын кошумчалаган болчу.

Мындан сырткары, ошол эле күнү Садыр Жапаров УКМКнын Чек ара кызматына Дубайдан сатып алынган 40 брондолгон жолтандабас өткөрүп берген. Ташиев ал техникага мамлекеттик бюджеттен 300 млн сомго чукул каражат сарпталганын айткан. Ошондой эле, ал аскерлер үчүн снайпердик куралдар жеткирилгенин белгилеген.

Техникаларды өткөрүп берип жатып Жапаров «бул жаңжалга даярдык эместигин, өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык» экенин айткан.