Укук коргоочулар Баткенди калыбына келтирүү ишине «3» деген баа беришти

Сүрөт: Interbilim Osh

Бишкекте 16-декабрда апрелдин аягындагы чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктердин көйгөйлөрү боюнча маалымат жыйын өттү. Аны «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева уюштурду.

Анда Мамасалиева куралдуу жаңжалдан кийин аймакты калыбына келтирүү иштери боюнча жүргүзүлгөн мониторинг менен тааныштырды. Анын жыйынтыгында өкмөттүн ишине «3» деген баа берилгенин айтты.

Коомдук көзөмөлдүн жыйынтыгы

Мамасалиева өзү баштаган ыктыярчылардын тобу менен апрелдеги жаңжалдан кийин коомдук көзөмөл жүргүзгөн. Жаңы курулган 140 үйдүн 130уна тургундар кирип жашап жатат.

Үйлөрдүн баарына жылыткыч мештер орнотулган. Бирок турак жайлардын дээрлик жарымында ичкенге таза суу жок. Ошондой эле беш үйгө электр энергиясы киргизилген эмес, бардык үйлөрдө күнүнө эки жолу 2-3 саатка свет үзгүлтүккө учурайт.

Ал эми жабыркагандардын баарына жер менчигин тастыктоочу документтер калыбына келтирилип берилгени менен 10 үйдүн ээсине гана курулушту тастыктаган техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле тикеленген үйлөрдү тургундардын мурдагы үйлөрүнө салыштырганда 24 үй-бүлөнүн шарты жакшырып, 81инин шарты төмөндөгөнү аныкталган.

Мындан сырткары тургундар тонолгон буюмдары жана мал-жандыктары үчүн кенемтени декабрь айы ичи төлөп берүүнү жана үйлөрдү экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан.

«Согушка чейинки абалга алып келүү шарт»

Жалпысынан Мамасалиева жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү ишине «5тен» — «3» деген баа берерин айтты.

Ал «бийлик тургундардын укугун тепселебей жашоо шартын жаңжалга чейинки абалга кайтарууга милдеттүү» деп билдирди. Укук коргоочунун айтымында, тургундардын тонолгон же кыйраган буюмдарын калыбына келтирүү үчүн 298 миллион сом компенсация талап кылынат.

Мамасалиеванын айтымында, ыктыярчылар долбоор боюнча көзөмөл жүргүзүүнү февраль айына чейин улантышат. Андан кийин анын жыйынтыгын жетинчи чакырылыштын депутаттарына көрсөтүшөт.

«Азыр биздин ыктыярчылар жеринде иш алып барып жатышат. Күнүгө атайын анкеталарды толтуруп жатышат. Анда электр энергиясы кандай берилүүдө, суу, жылуулук барбы ошол сыяктуу көйгөйлөр боюнча маселелер көтөрүлөт. Аягында доклад кылып, өкмөткө, депутаттарга беребиз», — деди ал.

Тургундардын талабы: свет, жумушсуздук, чек араны тосуу

Маалымат жыйында Лейлек районунун Максат айылынын тургуну Рызбан Толубаева үйлөрдүн дубалдары жука болгондуктан электр энергиясы үзгүлтүккө учураса үй муздап калаарын айтты. Мындан улам ал светти өчүрбөөнү суранды. Ошондой эле Толубаева таза суу жоктугун айтты.

«Күзүндө кудукка толтуруп алган сууларыбыз калбады, сатып алганга акчабыз жок. Бизге үйдү куруп бергени менен үйдүн шарты суу менен экен. Суу болбосо бизде жашоо кыйын болуп жатат. Ошол бизге таза суу алып келип беришсе», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Максаттан келген дагы бир тургун Сапарали Адинаев чек арага жакын айылдардын жашоочулары жумуштун жоктугунан көчүп кетип жатканын айтты. Мындан улам ал жаштарга жеңилдиктерди берип, облуска кичи завод-фабрикаларды куруп берүүнү өтүндү.

«Качан туруктуу үй салып алмайынча чек арабыз тосулбайт экен. Ошондуктан мен Садыр Нургожоевичке айтып кетер элем: бийлик ошол жерде тамарка алган жаштарга мамлекет тарабынан кандайдыр бир жеңилдетилген, узак мөөнөттөгү ссуда же жеңилдетилген 10-15 жылдык насыяларды берип көчүрүп келсе — бул чек аранын бекемделишине салым болот эле», — деди Адинаев.

Ошондой эле ал чек арада эл кооптонуп жашап жатканын эске салып, делимитация-демаркациялоону тездетүүнү өтүндү.

Баткенди үч этап менен калыбына келтирүү иштери

Ал эми облус башчысы Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасынын маселесин чечүү биринчи орунда тураарын айтты. Ал бийлик калыбына келтирүү иштерин үч этапка бөлгөнүн билдирди, алар: жабыркагандардын үйлөрүн тургузуу, кенемтени төлөп берүү жана тонолгон буюмдарды калыбына келтирүү.

Өкмөт тургундардын үйлөрүн октябрь айында толугу менен бүтүрүп берген.

Ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, жаракат алгандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин компенсация төлөнмөй болгон — бул үчүн тургундар документтерди толуктап, тийиштүү процедурадан өтүшү абзел болгон.

Ал эми жалпысынан кенемте төлөп берүү үчүн бюджеттен 51 миллион сом каралганы айтылган. Министрлер кабинети жаңжалда келтирилген чыгымдын жалпы суммасын 1 миллиард 305 миң сом деп эсептеген.

Чек ара чырында жабыр тарткан ишкерлерге жана мал-мүлкүнөн ажырагандарга болсо 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин кенемте төлөнөөрү убадаланып, аларга 0,1 пайыздык күрөөсүз насыя сунушталган.

Бирок жаңжалда бизнеси жабыркаган 76 ишкердин 54үнө гана 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилген. Буга кошумча дагы 44 жаранга үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомдон насыя берилген.

Ал эми калган 22 жарандын салык төлөгөнү боюнча маалымкаты жана патентинин көчүрмөсү болгон эмес. Мындан улам аларга кенемте берилген эмес.

Кенемте төлөнгөн ишкерлер болсо каражат алардын бизнесин калыбына келтирүүгө жетпей турганын айтып нааразы болушкан.

Алимбаев калган ишкерлерге жана жабыркаган тургундарга кенемте төлөп берүү маселеси Минкабдын деңгээлинде көтөрүлөөрүн айтып, маселе 2022-жылы чечилээрин убадалады.

29-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандыктын өмүрү кыйылган — алардын арасында 12 жаштагы Мадина Рахматжанова менен 4 жашар Абидин Турсунбаев да бар. Ошондой эле 189 киши жаракат алып, тургундардын 140 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн — анын ичинде үч чек ара заставасы бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендин тургундары бийлик аларды «бүтө элек» үйлөргө киргизип жатканын айтышты

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары