Баткен шаарында 22-октябрда «Баткен облусунда чек арада жайгашкан айылдарды калыбына келтирүүдөгү иш-чараларды талкулоо» аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чараны «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалы «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурду.
Иш-чарага кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта үй-жайынан айрылган тургундар, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Мындан сырткары, тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко да онлайн катышып, сөз сүйлөдү.
Анда Баткен облусунун администрациясынын өкүлдөрү бүгүнкү күнгө чейин кандай иштер жасалганын маалымдашты. Ал эми жабыркаган тургундар бийлик өкүлдөрүнө кандай кыйынчылыктарга дуушар болушканын айтып беришти.
Тулаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине кыргызстандыктар тарабынан 119 млн сомдон ашуун каражат келип түшкөнүн эскертип, анын бир бөлүгү жабыркагандардын үйлөрүнө жылуулук өткөрүү үчүн сарпталганын маалымдады.
Дагы окуңуз: Чек ара жаңжалы: Жергиликтүү бийлик атайын эсепке түшкөн каражаттар боюнча отчёт берди
Ал эми «Интербилимдин» маалыматына ылайык, Баткен облусунда жок кылынган 140 үйдү Түркия салып берген — анын 100ү Лейлек районунда, 40ы Баткен районунда. Бүгүнкү күндө Лейлекте бардык үйлөр курулуп бүтүп, тургундар көчүп кирген. Ал эми Баткен районунда үч үй дагы деле бүтпөй жатат. Мындан улам үч үй-бүлө туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүндө убактылуу жашап жатат.
«Бүтө элек үйдө кантип жашайбыз?»
Баткен районунун Көк-Терек айылынын тургуну Зебиниса Матмусаева үйүнүн курулушу үч ай мурун башталып, азыркы күнгө чейин толук бүтпөгөнүн билдирди. Анын айтымында, айылдагы айрым үйлөргө жылытуу жана электр системасы киргизиле элек, ага карабай бийлик өкүлдөрү «үйүңөргө кирип жашай бергиле» деп айтышууда.
«Кече айттым: “Бүтө элек үйдө кантип жашайбыз?” десем, “кирсеңиздер бүтөт да” дейт. [Үйдүн ичи] боёлгон эмес, жылытуу, электр жарык жок — биз беш бала менен кирип алып кантип жашайбыз? Ушинтип элди алдаса боло береби? Суук түштү, үйдү жылытуу үчүн биздин отундарыбыздын баары күйүп кеткен, отун жок, көмүр жок! [...] Келип алып эле “үй бүттү, кирди” деп отчет бере берген болбойт да» — деди тургун.
Ошондой эле, Матмусаева мамлекет тарабынан кенемте төлөнбөй жатканына нааразы болду. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «Садыр Жапаров берген 100 миң сомго керектүү нерселерди» алгыла деп жатат.
«Үч айдан бери усталарды өзүбүз багып жатабыз, күнүнө үч маал тамак беребиз. Администрацияга кирсек эле “жардам бергенбиз, жей бергиле, Садыр Жапаров 100 миң сом акча берген” деп эле [айтышат]. 100 миң акчага биз эмерек алабызбы же усталарга эт, картошка, пияз алабызбы? Бардыгы эле Садыр Жапаровдун акчасын пешенесине пеш кылып алып барат да», — деди Матмусаева.
Матмусаева усталарга тамакты башка айылдан унаа менен ташыганын, күйүүчү майдын да баасы өсүп жатканын эскертти. Ошондой эле ал азык-түлүктөрдү дүкөндөрдөн карызга алып жатканын кошумчалады.
Тургундун айтымында, чек арадагы каргалашуу окуяларда алардын кийимдери да калган эмес. Ошондуктан Матмусаева баласын мектепке жибере албайт, анткени анын жылуу кийимдери жок.
Апрелдин аягында болгон куралдуу жаңжалда тажик аскерлери Көк-Терек айылына кол салып, 17 үй күйүп кеткен. «Интербилимдин» маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаров 27-28-августтарда Баткенге барганда 140 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.
Мындан сырткары, Ак-Сай айылынын тургуну анын жаңы салынган үйүндө аба жакшы циркуляция болбой жатканына даттанды.
«Аба жетпей жатат, вентиляция жок окшойт [...] Биз ууланып жатабыз, башыбыз айланып жатат, кусуп жатабыз. Айнек, эшиктерди ачып койсок кадимкидей дем алабыз, жапканда эле жарым саатта...Ошону баарын көрүп бүткөндөн кийин бизди үйлөргө көчүрсөңөр боло» — деди айыл тургуну.
Ал эми Баткен районунун тургундарына консультация берген «Интербилимдин» юристи жаңы салынган үйлөрдү Архитектура башкармалыгы кабыл албаганына карабастан тургундар киргизилип жатканын билдирди.
Тегерек столдун жыйынтыгы менен Баткен районунун акимчилигине үйлөр боюнча 32 арыз бериле турган болду. Тулаев бул арыздар президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнө да жеткирилип, каралат деп иштендирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.
Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.
Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги кылмыш иштери козголгонун кабарлашкан.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалап, тажик тараптын куралдуу күчтөрү «Баткен облусундагы тынч жаткан, куралсыз элге атайылап ок чыгарганын» белгилеген.
Көзөмөл органынан анда бардык фактылар КЖБРге «Массалык башаламандык», «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Бейбаштык», «Бөлөк бирөөнүн мүлкүн талкалоо же жок кылуу», «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча катталганын билдиришкен.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашуун адам түрдүү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 жаран каза таап, 80ден ашык киши жарадар болгон.
Баткен облусунда 140 үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.
Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.