Куралдуу жаңжалда эвакуацияланган үй-бүлө. Баткен шаары. 01.05.2021 Сүрөт: Хамидулло Узаков

Июнь айынын соңунда президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барып келди. Бул Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын 2021-жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийинки алгачкы жолугушуусу болду. Эки лидердин сүйлөшүүсү алты сааттан ашуун созулганы менен чек ара тууралуу кандайдыр бир макулдашуу же документ кабыл алынганы кабарланган жок.

«Клооп» медиасынын журналисттери жаңжалдан жабыркагандардын масштабын көрсөтүү үчүн кыргыз бийлигинин жана ыктыярчылардын маалыматтарын анализдеди.

Маалыматка таянсак, куралдуу жаңжалда Кыргызстандын жарандары эң көп жабыркады. 172 киши жарадар болуп, 36 адам каза тапты. Ал эми чек арага чектеш айылдардын 50 миңден ашуун тургуну эвакуацияланды. Мындан сырткары 140 үй өрттөлгөн. Төмөнкү визуализацияда турак жайы жабыркаган адамдардын үй-бүлөсү көрсөтүлгөн. (Толук маалымат алуу үчүн курсорду сүрөттөгү кишинин бетине басыңыз).

Азыркы тапта 700дөн ашуун кыргызстандык чатырда же туугандарынын үйүндө жашоого аргасыз. Үй-жайы өрттөлгөндөр мал-мүлкүнөн да ажыраган.

Президент Садыр Жапаров май айында Баткенде эл менен жолукканда «турак жайлар эки айдын ичинде тургузулат, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет» деп убада кылган. 7-июлга карата бир дагы үй толук курулуп бүтө элек. Бирок жаңжалда курман болгон 27 кишинин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, 67 жабыркаган адамга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилди.

Көз карандысыз ыктыярчылар курулуш жүрүп жаткан жерге барганда турак жайлардын долбоору тургундар менен макулдашылбаганын ачыкташты. Тургундар курулуштун сапатынан күмөн санап, бирок аны ачык айтуудан айбыгышат.

Баткен облусунун администрациясынын расмий маалыматы боюнча жаңжалда кыргызстандыктар тарткан зыяндын өлчөмү 1 млрд. 305 млн. сомдон ашкан. Ошол эле учурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Тажикстандан компенсация талап кылбай турганын билдирген.

Президент Жапаров жана башкы чекист Ташиев Баткенде апрель айынын соңунда болгон кандуу окуяны «жаңжал» деп сыпаттап келет. Эки коңшу мамлекеттин тен Башкы прокуратурасы чек арадагы куралдуу жаңжалды «аскерий агрессия» деп баалап, кылмыш ишин козгогон.

Юристтер, жарандык активисттер жана коомдук уюмдар Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, Тажикстандын аскер күчтөрүнүн аракетин «Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарга барганын» иликтөөнү өтүнүштү. Гаага соту юристтердин кайрылуусун 14-июнда расмий каттады.

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын айтымында, эми бул кайрылууну Эл аралык кылмыш сотунун прокурору жана судьялары карайт.

Куралдуу жаңжалдан жабыркаган 40 649 кишиге көңүл буруңуз. Эвакуациялангандардын дээрлик бардыгы аялдар жана балдар. Ал эми эркектер жаңжал чыкканда үй-жайын жана чек араны коргоо үчүн айылда калган:

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлери менен жарандарына «агрессивдүү согушту баштап жүргүзгөн» деген берене менен кылмыш ишин козгогон.

Чек арага жакын жашаган Баткен облусунун тургундары жаңжал дагы кайталанышы мүмкүн деп кооптонушат.

Куралдуу жаңжал кыргыз-тажик чек арасынын 53% гана расмий такталган учурда болуп жатат. Кыргызстандыктар бийликтен чек арадагы демаркация жана делимитация иштерин аягына чыгууну суранып келишет.

Авторлору: Айбике Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы

Дата-редактору: Андрей Дорожный

Редактору: Анна Капушенко

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Түзгөндөр: «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары.

Программанын ментору — Андрей Дорожный.

Материалдагы ой-пикир жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.