Салык кызматы ККМдин киргизилишине каршы чыккан соодагерлерге жооп берди

ККМ. Сүрөт: «Кабар»

Мамлекеттик салык кызматы 22-декабрда милдеттүү көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүүгө каршы митингге чыккан «Таатан» базарынын соодагерлерине жооп берди.

Салык кызматынан кабарлашкандай, мыйзамга ылайык, «Таатандын» ишкерлери 2021-жылдын 1-январынан тартып «жаңы стандарттарга жооп берген көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү».

«Ал эми 20 чарчы метрге чейинки соода аянтчасы бар соода түйүндөрү үчүн ККМди колдонуп баштоо убагы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленген», — деп айтышты ведомстводон.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, базарда 208 ишкердик субъекти иштейт, анын 95и онлайн-ККМ орноткон.

«Калган ишкерлер боюнча онлайн-KKM орнотуу иштери жүрүүдө. Салык кызматкерлери тарабынан KKMди колдонуунун тартиби жана эрежелери тууралуу түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө “Таатандын” ар бир соодагерине зарыл маалыматтар жеткирилген. Ошол эле учурда субъекттер эч кандай түшүнбөстүктөрүн жана каршы пикирлерин айтышкан эмес», — деп белгилешти ведомстводон.

Ал жактагылар учурда «айрым адамдар салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу жөнүндө мыйзам талаптарын бүтүндөй бизнеске кысым жасоо катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат» деп эсептешет.

«Кечээки митингдин катышуучулары жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, атайылап коомчулукту үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык», — деп билдиришти ведомстводон.

Салык кызматынан белгишенкендей, ККМ — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири.

Ведомстводон учурда ККМдин эки — аппараттык жана программалык түрлөрү колдондонулуп жатканын эске салышты. ККМди жүктөп алуу акысыз — система смартфонго, планшетке жана компьютерге орнотулат. Ал эми сатуучуга дүмүрчөк берүү үчүн дүмүрчөк чыгарган принтерди сатып алганы гана жетиштүү.

Эмне үчүн ККМге каршы митингге чыгып жатышат?

«Таатан» базарынын соодагерлери 22-декабрда митингге чыгышкан. Алар бийликтин көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүү демилгесине каршы экенин жана ыктыярдуу патент менен эле иштөөнү улантууну каалап жатышканын айтышкан.

«Таатан» соодагерлеринин 22-декабрдагы митинги. Сүрөт: 24.kg

Алгач соодагерлер базардын аймагында митинг өткөрүп жатышкан, кийин Жогорку Кеңештин имаратына келишти. Бул убакта мөөнөтү бүтүп кетип жаткан 6 чакырылыштын жыйыны өтүп, депутаттар жаңы Салык кодексин үчүнчү окууда карап жаткан болчу. Кийин эл өкүлдөрү кодексти кабыл алышкан.

Соодагерлердин айтымында, смартфонго орнотулган ККМдер үзгүлтүк менен иштейт. 23-декабрда Токмоктун жеке ишкерлери жана «Дордой» базарынын соодагерлери ККМди милдеттүү колдонууга каршы чыгышкан.

Токмоктук ишкерлер базарда жарык дайына өчүп турарын, эгер бир эле кардар дүмүрчөгү жок кетсе айып салынарын белгилешүүдө. Айрым соодагерлер айып салына баштаганын кабарлашты.

«Биринчи жолу 23 миң сом, экинчисинде 65 миң сом айып салынат. Аларды төлөөгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз да, күчүбүз да жетпейт. Анан биз азыр бул аппараттарды сатып алууга даяр эмеспиз. Анын үстүнө азыр интернет системасы жок, базарларда кошумча чыгымдарды талап кылат. Ушундай мүчүлүштүктөрдүн көбүнөн улам азырынча даяр эмеспиз деп эсептейбиз. Ошондуктан KKM-онлайнды колдогон өкмөт мүчөлөрүнө кайрылабыз: бизге жок дегенде бир жыл убакыт бергиле, биз мурункудай патент системасы менен эле иштей берели», — деп алардын айткандарын келтирет kaktus.kg басылмасы.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп жатат. Бизнес-коомчулук жана катардагы жарандар болсо жаңы Салык кодексинен чочулап, нааразылыктарын айтышууда. Алардын кабарлашынча, документ талкууланып жана кабыл алына турган мөөнөт аздык кылган.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.

Бул тууралуу буга чейин экономика министри Данияр Амангелдиев дагы айткан.

«Эгер жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, базарлардын соодагерлери салыктардан бошотулат. Негизгиси, алар дүмүрчөктөрдү колдонуп, ККМ колдонушу керек болот. Алар салык төлөшпөйт. Кичи жана орто бизнес толук корголот. Боз тарабын көмүскөдөн чыгарыш керек. Эгер жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса, алар башка салык режими менен иштешет», — деген ал.