Бишкек: «Таатандын» соодагерлери милдеттүү кассалык аппараттарга каршы митингге чыкты

Бишкекте «Таатан» базарынын соодагерлери 22-декабрда митингге чыгышты. Алар бийликтин көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө киргизүү демилгесине каршы. Бийлик бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн ККМ киргизүү зарылдыгын билдирүүдө.

Алгач соодагерлер базардын аймагында митинг өткөрүп жатышкан, кийин Жогорку Кеңештин имаратына келишти. Бул убакта мөөнөтү бүтүп кетип жаткан 6 чакырылыштын жыйыны өтүп, депутаттар жаңы Салык кодексин үчүнчү окууда карап жаткан болчу.

Соодагерлер «ККМге каршы» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Митингчилердин бири журналисттерге ыктыярдуу патент менен эле иштөөнү улантууну каалап жатышканын айтты.

«Аппараттарды издеп, бухгалтерия менен алектенгендин бизге кереги жок. Биз эртеден кечке базарда отуруп, соода кылабыз. Биз жөнөкөй соодагерлербиз. Бизге ККМдин кереги жок. Ансыз деле салык төлөйбүз. Бизге ошол жетишет […] Биз патент жана социалдык фонд төлөмдөрүн өз ыктыярыбыз менен төлөгүбүз келет. Ушул маселени чечкибиз келет», —деди ал.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.

Бул тууралуу буга чейин экономика министри Данияр Амангелдиев дагы айткан.

«Эгер жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, базарлардын соодагерлери салыктардан бошотулат. Негизгиси, алар дүмүрчөктөрдү колдонуп, ККМ колдонушу керек болот. Алар салык төлөшпөйт. Кичи жана орто бизнес толук корголот. Боз тарабын көмүскөдөн чыгарыш керек. Эгер жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса, алар башка салык режими менен иштешет», — деген ал.

Жаңы Салык кодексин 2022-жылдын 1-январынан тарта киргизүү сунушталып жатат. Буга чейин жаңы кодекстин долбоорун парламент комитети колдоп берген, ал эми депутаттар 22-декабрдагы жыйында аны үчүнчү окууда карап жатышат.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Салык кызматы мекеме мыйзам актыларын кабыл ала электигинен кезектерди тейлөөгө жетише албай каларын белгилеп, мыйзамды күчүнө киргизүү убактысын үч айга жылдыра турууну сунуштады.

«Силер салык режимин тандоо үчүн салык төлөөчүгө 15 күн берип жатасыңар […] Бирок силер 100% жетишпейсиңер: январда кезектер узун болот, мен силерге кепилдик берем. Даярдануу, түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн жок […] Силер үчүнчү окууга киргизилген Салык кодексинин долбоорун жарыялаган жоксуңар. Бир нече күндөн кийин ал күчүнө кирет, силер элди “кыйгап” жатасыңар: аларды силерге келүүгө мажбур кыласыңар, кезек жаралган жерде акча табууну каалаган ортомчулар пайда болот. Мына силер ушундай кырдаалды пайда кылып жатасыңар», — деди ал.

Салык кызматынын өкүлдөрү эгер жаңы Салык кодекси үчүнчү окууда кабыл алынса, анда 2022-жылдын 1-январына чейин мыйзам актыларын кабыл алууга үлгүрүп калышарын билдиришти. Бирок депутаттар жаңы Салык кодексин биринчи аракет менен да кабыл ала алышкан жок.

Бизнес-коомчулук жана катардагы жарандар жаңы Салык кодексинин кабыл алынышынан чочулап, нааразылыктарын айтышууда. Алардын айтымында, документ талкууланып жана кабыл алына турган мөөнөт аздык кылат.