Республикалык штаб: COVID-19га каршы вакцинанын толук курсу 1 млндон ашуун адамга сайылды

Республикалык штаб 27-декабрга карата 1 млн 438 киши же 6,6 млн калктын 15%дан ашыгы COVID-19га каршы эмдөөнүн толук курсун алганын кабарлады.

Июндун башында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бийлик үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 1 млн кыргызстандыкты толук эмдөөдөн өткөрөт деп билдирген. Бирок өлкө жетекчилигинин бул максаты декабрдын аягында гана ишке ашты.

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана, июль айында башталган.

Ага карабастан, өлкөдө эмдөөнүн көрсөткүчү бийлик күткөндөй жогору болгон эмес. Муну минкаб дагы мойнуна алган жана «Кыргызстан эмдөө көрсөткүчү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда» деп белгилеген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы вакцнинаны биринчи дозасын жалпы 1,2 млн кыргызстандык алды.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирбегенин белгилеген.

2021-жылдын 27-декабрына карата өлкөнүн бардык облусу «жашыл» аймакта. Саламатттык сактоо министрлигинин vc.emed.gov.kg. порталынан скриншот.

Канча кишини эмдөө пландалып жатат?

Учурда өлкөдө16 жашка чейинки балдар жана эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар жарандардан башкалар COVID-19га каршы вакцина ала алышат. Мындан тышкары, саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды дагы эмдөөгө уруксат берген.

Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөргүсү келет. Коллективдик иммунитети пайда кылуу үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл—ал 2,4 млн адамды түзөт.

17-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бийлик 2022-жылдын 1-январына чейин жарандардын 70%ын эмдөөдөн өткөрөрүн билдирген. Анын оюу боюнча, эгер Кыргызстан бул көрсөткүчкө жетсе, COVID-19дун төртүнчү толкунун алдын алат.

Алымкадыр Бейшеналиев. Видеодон скриншот

Анда Бейшеналиев COVID-19дун төртүнчү толкуну 28-ноябрда өткөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайдоодон кийин күтүлүп жатканын айткан.

«Омикронду күтүү»

Кыргыз бийлиги жаңы SARS-CoV-2 «омикрон» штаммы өлкөгө 2022-жылдын январында келет деп күтүп жатат жана жарандарды эмдөөгө чакырууда.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы “omicron” штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», — деп билдирген Эдил Байсалов 14-декабрда.

Буга чейин Бейшеналиев өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы коронавирустун жаңы штаммы omicron менен ооругандарды дарылоого 100% даяр экенин билдирген.

«Бул жолу бейтаптарды жаткырууга мүмкүнчүлүгүбүз “кара июлга” караганда эки эсе көп», — деп билдирген Бейшеналиев.

Азыркы тапта «омикрон» тууралуу маалыматтар аз — дүйнөлүк окумуштуулар дагы деле шаммдын өзгөчөлүктөрүн изилдеп жатат. Бирок SARS-CoV-2 башка түрлөргө караганда тез жайыла турганы белгилүү.

Мындан тышкары ТАР, Германия, Швеция, АКШдагы жана да Pfize компаниясынын изилдөөлөрүндө жаңы штаммга карата эки жолку эмдөө жетишсиз экенин жана үчүнчү жолку вакцинаны алуу ,тагыраагы бустердик эмдөө керектигин көрсөткөн.

Тем боюнча: COVID-19га каршы вакцинанын бустердик дозасын алууга уруксат берилди

Ошондой эле, Лондондун Империялык колледжинини изилдөөлөрү SARS-CoV-2 «дельтага» салыштырмалуу «омикронду» кайрадан жугузуп алуу тобокелдиги беш эсе көп экенин көрсөткөн.

Изилдөөдө «омикрондун» «дельта» сыяктуу коркунучтуу экенин билдирген бир дагы белгиси байкалбаганы белгилүү болгон.