COVID-19га каршы вакцинанын бустердик дозасын алууга уруксат берилди

Кыргызстанда 20-декабрдан тартып, бардык каалоочулар коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын ала алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бустердик доза — бул вакцинанын үчүнчү дозасы. Ал алгачкы эмдөөдөн бир аз убакыт өткөндөн кийин коронавирус илдетине каршы иммунитети төмөндөп кеткен адамдарга керек.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бустердик дозаны вакцинаны толугу менен, алгачкы эки дозасын алган жарандар гана ала алышат.

Ведомство зарыл болгон учурда кошумча эмдөө пунктарын ачууну да көздөйт. Медиктер калкты бустердик доза менен эмдөө боюнча окуудан өтүп жатат.

Бустердик доза алгысы келгендер эмделүү үчүн каалаган вакцинасын тандашса болот. Ал мурдагы алынган вакцинадан башка болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда бустерди алуу үчүн вакцинанын экинчи дозасын алган күндөн алты айдан ашык убакыт өткөн болушу керек. Вакцинанын толук курсу алынганын тастыктаган документтер болуусу шарт.

Бустердик дозаны алгандар тууралуу маалымат электрондук эмдөө сертификатын түзүү менен vc.emed.kg системасына киргизилет. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, vc.emed.kg системасында «Кампадагы вакциналардын жана керектелүүчү материалдардын чыгымдалышын эсепке алуу» боюнча иштер жүрүүдө.

Буга чейин Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасын алууга уруксат жарандардын бир нече категориясына берилген:

  • орто жана оор иммунтартыштыгы барлар;
  • буга чейин Sinopharm, Sinovac жана башка инактивдүү вакциналарды алган 60 жана андан улуу курактагылар;
  • коронавирус инфекциясын жугузуп алуу жана башка адамдарга жуктуруу коркунучу бар меджумушчулар;
  • вакцинанын биринчисин алгандан кийин CОVID-19 менен ооруп айыккандар.

Ошондой эле, кыргызстандыктар эгерде чет өлкөгө чыгып жатышса, ошол өлкөдө COVID-19га каршы вакцинанын кайсы бир түрү менен эмделгени тууралуу маалымат талап кылынса, кошумча эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Кыргызстандагы эмдөө

Биринчи жолку эмдөө — бул алгачкы жолу вакцина сайдырып жаткандардын эмдөөсү. Учурда өлкөдө мындай эмдөөдөн вакцинага каршы көрсөтмөлөрү бар жана 16 жашка чейинки балдардан тышкары баары өтө алат.

Мындан тышкары, жакында Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга да эмдөөдөн өтүүгө уруксат берген.

21-декабрга карата өлкө боюнча биринчи эмдөөдөн дээрлик 1,2 млн адам өттү.

Кыргызстанда жалпысынан вакцинанын 7 түрү менен эмделүүгө болот:

  • Astra Zeneca;
  • Спутник V;
  • Vero Cell;
  • Pfizer;
  • QazVac;
  • Sinovac;
  • Moderna.

ДССУ октябрдын башында коронвируска каршы вакцинанын кошумча дозасын иммунитети орто жана абдан түшүп кеткен адамдарга карата да киргизүүнү сунуштаган. Себебеи алардын вирусту оор көтөрүү коркунучу бар, жана адатта сайылган биринчи эмдөө жетиштүү болбой калышы ыктымал.

Ошондой эле, уюм Sinovac жана Sinopharm кытай вакциналары менен эмделген 60 жаштан ашкан адамдарга эмдөөдөн кийин үчүнчү дозаны бир айдан үч айга чейинки убакытта ала берүүнү сунуштаган.