Өспүрүмдөргө, кош бойлуу жана эмизген аялдарга эмдөөдөн өтүүгө уруксат берилди

Кыргызстанда COVID-19’га каршы 16-18 жашка чейинки өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар дагы эмделе баштайт. Бул тууралуу 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ведомстводон бул чечим COVID-19га каршы эмдөөдө калктын көп бөлүгүн камтуу максатында кабыл алынганын белгилешти.

ДССУнун сунушу

ДССУ июлдун аягында эле кош бойлууларды эмдөөгө уруксат берген. Уюм кош бойлуу аялдар коронавирустун коркунуч тобуна кирээрин билдирип, аларды эмдөөнү артыкчылыктуу орунга коюуну сунуштаган.

«Маалыматтар коронавирус инфекциясы кош бойлуу аялдарды оор кесепетке түртөөрүн көрсөтүп турат. Бул убагына жетпей төрөө коркунучу жогору экенине жана үзгүлтүксүз терапияга муктаж жаңы төрөлгөн ымыркайлар көп болуп жатканына байланыштуу», — деп билдиришкен ДССУдан.

Анда уюмдагылар эмдөө боюнча жол картасында кош бойлуу аялдар эми медкызматкерлер, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары бар адамдардан кийин эле экинчи орунга коюлганын белгилешкен. Алардын катарында улуу жаштагы жана өнөкөт дарты бар кош бойлуу аялдар дагы бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аялдарга эмдөө алгандан кийин бала эмизүүнү токтотпоону дагы сунуштаган.

«Айрым кыска мөөнөттүү изилдөөлөр бала эмизген энелерди иммундаштыруу ымыркайлар үчүн коркунуч жаратпаганын көрсөттү. Ал эми андан мурдагы маалыматтар иммунитет энеден балага өтөөрүн айгинелеп турат», — дешкен уюмдан.

Кыргызстандагы эмдөө

Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирген жок деп белгиледи.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы 1 млн 50 миңден ашык адамга сайылган, ал эми толук дозасын 830 миңден ашык адам алган.

Өлкөдө учурда төмөнкү вакциналар жеткиликтүү:

  • Sinopharm;
  • Pfizer;
  • Sputnik Lite;
  • AstraZeneca;
  • QazVac;

«Азаттык» Саламаттык сактоо министрлигине таянып, өлкөдө «Спутник V» вакцинасы түгөнгөнүн жазууда.

Бардык препараттар менен эмдөө акысыз өткөрүлүп жатат.