Казакстандын Orda.kz басылмасынын кабарчылары жарадар болду

Казакстандын Orda.kz басылмасы 5-январда Алматыдагы нааразылык акциясы учурунда редакциянын кызматкерлери жарадар болгонун билдирди. Республиканын ар башка шаарындагы митингдер уланып жатканына төрт күн болду.

Сүрөт: Orda.kz

Алардын маалыматына ылайык, журналисттерге резина октор тийип, үн чыгаруучу гранаталардын алдында калган.

«Нааразылар колдорун көтөрүп, атпоону суранышкан, андан кийин эле аларды көздөй үн чыгаруучу граната учкан. Граната Orda.kz басылмасынын кабарчысы Бек Байтастын бетине тийип, жерге жыгылган. Кабарчы андан качып үлгүрүп, андан кийин граната жарылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, буга чейин редакциянын дагы бир кызматкери Леонид Рассказовдун белине резина огу тийип жарадар болгон.Казакстанда чыккан нааразылык уланып жатканына төрт күн болду. Шаарларда митинг суюлтулган газдын баасы кымбаттагандыктан улам Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынан башталган.

Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.

5-январь күнү эртең менен Казакстандын өкмөтү отставкага кетип, премьер-министрдин ыйгарым укуктары убактылуу Алихан Смаиловго жүктөлгөнү белгилүү болгон. Ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Өкмөт отставкага кеткенден кийин Казакстандын президенти кезектеги жыйынын өткөрүп, ал жерден өлкө бийлиги суюлтулган газдын баасына 180 календардык күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирген.

Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн күнөө өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалаган.

Бирок, Токаевдин билдирүүлөрүнө карабастан нааразылыктар уланууда.