ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандарын чыр-чатакка катышпоого чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаалга байланыштуу ал жердеги кыргыз жарандарына кайрылуу жасап, чыр-чатактарга катышпоого чакырды.

Ошондой эле, ТИМ коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктардан эл көп чогулган жерлерден узак болууга жана жашаган жеринен алыс чыкпоону суранды.

«ТИМ Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы консулдугу менен биргеликте коңшу өлкөдөгү абалга көз салып, кыргыз диаспоралары менен тыгыз байланышып жатат», — деп жазылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, ТИМ кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары чек арадан эркин өтө алышарын белгиледи.

Минитрликтин басма сөз кызматы элчиликте жана башкы консулдукта ыкчам байланыш телефондору иштеп жатканын кошумчалашты. Ага ылайык, кыргызстандыктар төмөнкү телефондорго кайрыла алышат:

  • Нур-Султандагы элчилик: +996 (772) 454 444;
  • Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу - +7 (777) 037-14-48, +7 (777) 815-00-72.

Ал арада Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Казакстандан келгендерден ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынбай турганын билдирди.

Мындай чечим Казакстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кабыл алынган. Минкабдан бул чечим кыргызстандык жарандарга дагы, чет элдиктерге дагы тиешелүү экенин белгилешти.

Казакстандагы нааразычылык акция

Алматы шаарынын акимчилиги. Сүрөт: sputnik.kz

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги митингдер учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун кабарлаган. Ал эми 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алды.

Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.