Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан алынды

Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектей турганын билдирди. Буга чейин бул кызматты Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев ээлеген.

Токаев Казакстандын президенти жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары «жарандардын коопсуздугун жана тынчтыгын, ошондой эле өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн» каттуу чараларды көрүүгө даяр экенин белгиледи.

Анын айтымында, массалык нааразычылыктардын алдында кабыл алынган чаралар «жетишсиз» болгон. Анткени өлкөдө болуп жаткан башаламандыктардын «алдын ала уюштуруучулары бар жана ал кылдаттык менен пландалган».

«Кандай гана болбосун мен борбор калаада боломун. Эл менен болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы бул кара тактан биргеликте чыгабыз. Күчтүү болуп чыгабыз», — деди Токаев.

Нурсултан Назарбаев 2019-жылы өлкө башчылыкты тапшырып, көп өтпөй Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон. Бул кызмат Казакстандагы жогорку кызматтардын бири — Назарбаев аны өмүр бою ээлегенге укуктуу болгон.

2-3-январь күндөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары башталган. Митингге миңдеген киши чогулган. Алар газдын баасын төмөндөтүүнү жана акимдерди шайлоо жолу менен кызматка орнотууну талап кылышкан.

Ал эми 4-январда нааразылык акция Нур-Султан (Астана), Алматы, Чымкент, Караганды, Атырау, Актөбө жана башка шаарларында өттү. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылууда. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылды.

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге эки ирээт кайрылуу жолдоп, калкты сабырдуулукка чакырды. Казак басылмаларында жарыяланган президенттин видео кайрылуусунда «бийлик кулатылбайт» деп ишендирген.

Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн күнөө өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалаган.

5-январга караган түнү Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Ошол эле күнү митингчилер Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алышкан. Ал эми казакстандык ЖМКлар Алматыда президенттик резиденциясында өрт чыкканын кабарлашкан.

Мындан улам Токаев Алматы шаарында, Мангыстау облусунда, кийинчерээк борбор калаа Нур-Султан жана Алматы облусунда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген.