6-январда Ак үйдүн алдында өткөн пикеттин катышуучусу минкаб төгарасынын орун басары Эдил Байсаловго ортон манжасы менен ишарат көрсөткөн. Натыйжада 19 жаштагы акциянын катышуучусу Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, жаш жигитке карата Жоруктар жөнүндөгү кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү — эми документтер сотко жөнөтүлөт.
Ошондой эле, ведомствонун басма сөз кызматы кармалган жарандан «кочкул жашыл түстөгү, өзгөчөлөнгөн жыты бар зат табылып», экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди. Аны менен катар, кармалган адам буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын кошумчалашты.
Жаш жигиттин кармалып, камакка алынганы тууралуу маалыматка Эдил Байсалов өзү да реакция кылды.
«Эмне деген шумдук. Менин ага карата эч кандай доом жок. Бул сөз эркиндиги! Мага #баары бир», — деп жазды ал Твиттерге.
Бул окуя 6-январда Ак үй алдындагы активисттердин ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы митинг учурунда болгон.
Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстандагы кырдаалга байланыштуу парламент жыйынына келе жатканда аны митингчилер курчоого алып суроо бере башташкан. Аларга жооп берип жатып, Байсалов кыргыз тарап Казакстандын мыйзамдуу бийлиги азыркы кырдаалдан чыгууга кудурети жетерине толук ишенимин билдирип келгенин» белгилеген.
«Мындан жакын стратегиялык өнөктөш жок. Андыктан, кошуна жана жакынкы боорбошубуз жардам сурап жатса, [баш тартууга] болбойт… Бул мамлекет башчынын чечими. [...] Эгер алар [аскерлер] жиберилсе, так коюлган талап жана шартка ылайык, алар эч качан биздин боордош элдин жарандары менен бет келишпейт. Эч качан», — деп билдирген Байсалов.
Андан ары Байсалов Ак үйгө карай басканда митингдин катышуучуларынын бири ага ортончу манжасы менен ишарат көрсөткөн. Байсалов «бул Казакстандын ички иши» деп айтып парламенттин имаратына кирип кеткен.
Казакстандагы митинг жана ЖККУ
Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаал боюнча 6-январда чукул жыйынга чогулмак. Анда парламент ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин талкуулап, Кыргызстан аскерлерин жөнөтөбү же жокпу чечиши керек болчу.
Бирок бир саат ичинде каттоодон болгону 39 депутат өтүп, кворум чогулбай калган. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муну кышкы каникулга байланыштуу депутаттар региондордо жүргөнү менен түшүндүргөн.
Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.
Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.
6-январдан тартрып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.
Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат — азыркы тапта 18 укук коргоо кызматкери көз жумганы белгилүү.
ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).