Эдил Байсалов депутаттардын коопсуздугу үчүн Ак үйдүн алдындагы митингдерди жөнгө салуу керек деп эсептейт

Мининстрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсалов депутаттардын коопсуздугун камсызоо үчүн Ак үй алдындагы митингдерди жөнгө салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Твиттердеги барагында билдирди.

«Жогорку Кеңештин депутаттарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүп, парламенттин эшигинин алдындагы мындай митингдерди (!) жөнгө салышыбыз керек. Керек болсо пикеттер тротуарда өтсүн, бирок [Ак үйдүн кире беришиндеги] тепкичтерде эмес. Ал эми сөз сүйлөнгөн митингдер жолдун аркы бетинде өтсүн», — деп эсептейт Байсалов.

Байсалов постуна кыргызстандыктар ЖККУга мүчө болгон Кыргызстандан аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы чыгып жаткандагы видеону тиркеди.

«Эдил Байсаловго ортоңку манжа»

Парламенттин алдында митинг, нааразычылык акциялары байма-бай өтүп келет, бирок Эдил Байсалов эмнегедир депутаттардын коопсуздугун азыр гана ойлоп жатат.

6-январда Ак үйдүн алдында кыргыз аскерлерин ЖККУ алкагында Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы өткөн.

Байсалов Казакстандагы кырдаалга байланыштуу парламент жыйынына келе жатканда аны митингчилер курчоого алып суроо бере башташкан. Аларга жооп берип жатып, Байсалов «кошуна жана жакынкы боорбошубуз жардам сурап жатса, баш тартууга болбойт» деген.

Андан ары Байсалов Ак үйгө карай басканда митингдин катышуучуларынын бири ага ортончу манжасы менен ишарат көрсөткөн.

Көп өтпөй 19 жаштагы акциянын катышуучусу Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, жаш жигитке карата Жоруктар жөнүндөгү кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү — эми документтер сотко жөнөтүлөт.

Ошондой эле, ведомствонун басма сөз кызматы кармалган жарандан «кочкул жашыл түстөгү, өзгөчөлөнгөн жыты бар зат табылып», экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди. Аны менен катар, кармалган адам буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын кошумчалашты.

Жаш жигиттин кармалып, камакка алынганы тууралуу маалыматка Эдил Байсалов өзү да реакция кылды.

«Эмне деген шумдук. Менин ага карата эч кандай доом жок. Бул сөз эркиндиги! Мага #баары бир», — деп жазды ал Твиттерге.

Казакстандагы митинг жана ЖККУнун чечими

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 7-январдагы жабык отурумунда ЖККУнун чечимин карап чыгып Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө макулдугун беришти. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 150 кыргыз аскери, 8 бронетехника жана 11 машине жөнөтүлөрүн билдирген.