Касым-Жомарт Токаев: Кимде ким багынбаса — жок кылынат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кезектеги жолу элге кайрылуу жасады. Анда ал укук коргоо органдарына жана армияга «кылмышкерлерге жана террористтерге эскертүүсүз ок чыгарууга» буйрук бергенин айтты. Токаев алгач суюлтулган газдын баасын арзандатууну, кийин Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылган демонстранттарды «террорчулар» деп атап жатат.

«Кимде-ким багынбаса — жок кылынат»

Анын айтымында, Алматы облусунда кырдаал көзөмөлгө алынды, өзгөчө абал режимин киргизүү жемишин берди. Ал «өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип орногонун» белгиледи.

«Бирок террорчулар дагы деле мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө зыян келтирүүнү улантып, жай жарандарга каршы курал-жарак колдонуп жатышат. Укук коргоо органдарына жана армияга багынбагандаргы каршы эскертүүсүз ок атууну буйрудум», — деп билдирди Токаев.

Токаев «чет өлкөдөн» айтылган маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө баруу боюнча сунушту «келесоолук» деп атады.

«Бул кандай келесоолук? Кылмышкерлер, адам өлтүргүчтөр менен кантип сүйлөшүүгө болот? Бизге жергиликтүү жана чет элдик куралданган, даярдык көргөн бандиттер жана террористтер менен күрөшүүгө туура келди. Дал ошол бандиттер жана террористтер менен [бет келдик]. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул иш жакынкы аралыкта толугу менен аткарылат. Укук коргоо органдары бул милдетти аткарууга моралдык жана техникалык жактан даяр», — деп билдирди ал.

Алматы 5-январь. Сүрөт: Vласть.kz

Анын айтымында, өлкөгө кирген ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү аймакта «коргоо жана камсыздоо функциясын аткаруу үчүн» «кыска мөөнөт» болушат.

Токаев Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасына, коопсуздук күчтөрүн киргизүү чечимин колдогон Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын мамлекет башчыларына ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, Казакстандын президенти кайрылуусуна «ыкчам жана жолдоштук жылуу» жооп айткан Орусиянын президентине «өзгөчө ыраазычылык сөздөрүн» айтты.

Токаевдин пикиринде, Казакстандагы «кайгылуу окуялар» «демократия жана адам укуктары көйгөйлөрүн башка өңүттө көрсөттү».

«Демократия — бул ээнбаштык эмес, шыкактоо эмес», — деп кошумчалады ал.

Алматыдагы окуялар жана ким күнөөлүү

Токаевдин айтымында, Алматыда «кылмышкер-террорчулар» административдик имараттарды гана эмес, жөнөкөй жарандардын мүлкүн да талкалады, «жүздөгөн жарандар менен аскер кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу» өзүнчө сөз.

«Эске салсам, менин сунушум менен 2020-жылдын май айында жарандардын тынчтык чогулуштары жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам, негизинен алганда, өлкөдөгү демократияны алдыга жылдыруудагы чоң кадам. Анткени анда митингдерди өлкөнүн бардык шаарларынын борбордук райондорунда өткөрүү керектиги, анан калса митинг өткөрүү үчүн бийликтен уруксат алуу эмес, билдирме калтыруу каралган.

Бирок өздөрүн укук коргоочу жана активист атаган айрым бир жарандар өздөрүн мыйзамдан өйдө көрүп, кайда кааласа чогулуп, эмнени кааласа сүйлөй беребиз деп эсептешет. Ушундай жарма-активисттердин жоопкерчиликсиз кадамдарынан полиция кызматы тартип сактоочу негизги иштеринен алагды болуп жатат. Көбүнчө укук коргоо кызматкерлери зомбулукка жана мазактоого кабылышат. Ушул активисттердин айынан интернет жоголуп, миллиондогон жарандардын кызыкчылыгына, атамекендик бизнеске доо кетип жатат. Башкача айтканда, ички экономикалык, социалдык, саясий туруктуулукка сокку урулуп жатат.

Негизинен, укук тартибин бузууда чагымчылдык ролду эркин жалпыга маалымдоо каражаттары менен биздин көп улуттуу элдин кызыкчылыгынан оолак ишмерлер ойноп жатат. Дал ушул жоопкерчиликсиз демагогдордун баары Казакстандагы трагедияны тутантууга катышты десек аша чапкандык болбойт. Биз укуктук вандалимздин бардык актыларына катуу чара көрөбүз.

Тарыхыбыздагы ушундай кара күндөрдү тез арада басып өтөрүбүздөн эч күмөн санабайм. Башкысы — келечекте мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө керек», — деп билдирди ал.

Казакстандагы митинг жана ЖККУнун чечими

Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаал боюнча 6-январда чукул жыйынга чогулмак. Анда парламент ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин талкуулап, Кыргызстан аскерлерин жөнөтөбү же жокпу чечиши керек болчу.

Бирок бир саат ичинде каттоодон болгону 39 депутат өтүп, кворум чогулбай калган. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муну кышкы каникулга байланыштуу депутаттар региондордо жүргөнү менен түшүндүргөн.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

6-январдан тартрып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат — азыркы тапта 18 укук коргоо кызматкери көз жумганы белгилүү.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).