«Казак кыргыз бир тууган». Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы митинг өттү

7-январда Жогорку Кеңешинин имаратынын алдында казак бийлигинин өтүнүчү менен Казакстандын аймагына кыргыз аскерлерин киргизүүгө каршы митинг өттү.

Нааразычылык акцияга активисттер баштаган жалпы 80ге чукул жаран катышты. Митингге чыккандар «кыргыз-казак бир тууган» деген ураанды кыйкырып турушту.

Мындан сырткары, алар «Кыргыз казакка от атпайт!», «Кыргызстан баскынчы өлкө эмес!», «ЖККУ Казакстандан колуңду тарт», «Кыргыз октор учпасын!» деген плакаттарды көтөрүп чыккан.

Акциянын катышуучусу адвокат Нурбек Токтакунов кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө добуш бергендернди «чыккынчы» деп атап, Казакстандагы кырдаалга башка өлкө кийлигишпеши керектигин билдирди.

«Биз мындай учурдан канча жолу өттүк, бирок башка өлкөлөрдү кийлигиштирбей эле чечип алдык. Ошон үчүн ар бир өлкөдө эл менен бийликтин ортосунда кандайдыр бир уруш чыкса өздөрү эле чечип алышы керек. Биз азыр кийлигишсек башка өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн болобуз», — деди ал.

Митингдин дагы бир катышуучусу жазуучу жана журналист Олжобай Шакир Садыр Жапаровдун билдирүүсүн «Орусияга жагынуу» деп эсептейт. Ал Казакстандын президенти Токаевдин ЖККУдан жардам сураганын кыргыз бийлиги колдобошу керектигин билдирди.

«2021-жылдын жазында кыргыз чек арасына сырттан агрессия келгенде ЖККУ үн каткан эмес. Мына ошондо Кыргызстанга дүйнөдөн жардам болбогондон кийин, эмнеге ушундай жагдайда биз казак элине чыккынчылык кылышыбыз керек? Токаевдин ЖККУнан жардам сураганы бул казак элине болгон чыккынчылык», — деди ал.

6-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жана ЖККУнун кеңешинин чечимине ылайык, Кыргызстандан Казакстанга колдоо болорун айткан.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандагы кырдаал боюнча чукул жыйын чогулмак. Бирок жыйынга 39 эле депутат келгенине байланыштуу кворум чогулбай, жыйын кийинкиге жылдырылган.

Ал эми 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан чукул жыйынга чогулуп, Казакстанга 150 кыргыз аскерин жиберүүнү чечти.

Казакстандагы кырдаал

2022-жылдын 2-январынан тарта Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатат. 6-январга караган түнү Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган.

Анда Токаев өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп билдирген.

«Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн талкалоо», — деген ал.

Аны менен катар, Токаев «террордук топтор» чет өлкөлөрдөн олуттуу даярдыктан өтүп келгенин белгилеп, өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептей турганын айткан.

Ошол эле күнү Армениянын премьер-министри, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун төрагасы Никол Пашинян ЖККУга мүчө мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан дагы Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жибере турганын билдирген.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына Кыргызстандан башка үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.

Бирок ошол эле маалда, казак бийлиги набыт болгон демонстранттардын так санын айта элек. Бийлик бир гана каза тапкан полиция кызматкерлеринин так санын айтып жатат — азыркы тапта 18 укук коргоо кызматкери көз жумганы белгилүү.