Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жиберет. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы Никол Пашинян билдирди.
Анын айтымында, ЖККУнун күчтөрү «өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында» чектелген мөөнөткө киргизилет. Пашинян мындай чечим Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна жана «өлкөнүн сырттан кийлигишүү менен шартталган улуттук коопсуздугу менен эгемендигине коркунучту эске алуу менен» кабыл алынганын белгиледи.
Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников ЖККУнун күчтөрү «негизинен объектилердин жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздайт» деп билдирди.
Анын айтымында, «тынчтык орнотуучу» күчтөр Казакстанда «Токаев зарыл деп эсептеген убакытка чейин» кала алышат. Ошондой эле Калашников өлкөдөгү «тазалоо жана азыр болуп жаткандардын бардыгын ЖККУ эмес, жергиликтүү күчтөр жасап жатат» деп эсептейт.
ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Орусия кирет.
6-январга караган түнү Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган.
Анда Токаев өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп билдирген.
«Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн талкалоо», — деген ал.
Аны менен катар, Токаев «террордук топтор» чет өлкөлөрдөн олуттуу даярдыктан өтүп келгенин белгилеп, өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептей турганын айткан.
Казакстандагы митингдер
Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.
Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.
Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.
Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.
Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.
Казакстандын Ички иштер министрлиги митингдер учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун кабарлаган. Ал эми 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алды.
Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.