Human Rights Watch Казакстанды эскертүүсүз ок атуу буйругунан баш тартууга чакырды

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Казакстандын бийлигине кайрылып, эскертүүсүз ок атуу буйругунан баш тартууга, зомбулук жана адам өлтүрүүлөр тууралуу ар бир билдирүүнү иликтөөгө чакырды.

Адамдарга карата эскертүүсүз ок атуу буйругу тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 7-январда билдирген.

Ал укук коргоо органдарына жана армияга «кылмышкерлерге жана террористтерге эскертүүсүз ок чыгарууга» буйрук берген. Токаев алгач суюлтулган газдын баасын арзандатууну, кийин Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылган демонстранттарды «террорчулар» деп атап жатат.

Human Rights Watch өлүмгө алып келүүчү күчтү акыркы чара катары гана колдонуш керек деп эсептейт.

«Казакстан эгемендик алгандан бери эң оор кризисти башынан кечирип жатат. Өкмөт элдин негизги укуктарын сактайбы деп дүйнө жүзү байкап жатат (...) Казак бийлиги коопсуздук күчтөрү адамдын жанын сактап калуу максатын гана көздөш керек, эгер алар аны аткара албаса, жоопкерчиликке тартылышы керек», — деп эсептейт Human Rights Watch’тун кризис жана конфликт боюнча директорунун орун басары Летта Тайлер.

Казакстандын ИИМи аскер жана укук коргоо орган кызматкерлери өлгөнү тууралуу маалымат бергени менен мародерлор делгендерге карата «ликвидация/жок кылуу» деген сөздү колдонуп жатат. ЖМКлар тынч демонстранттардын арасында дагы зордук-зомбулук жана адам өлтүрүүлөр болуп жатканын кабарлашууда. Казак ЖМКлары деле адамдардын унаасын тартып алууга аракет кылып, аларды атып жаткан адамдардын жаалданган тобу бар экенин бышыктап жатышат. Журналисттердин арасында да каза тапкандар бар экени белгилүү.

Токаев «чет өлкөдөн» айтылган маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө баруу боюнча сунуштарды «келесоолук» деп атаган.

«Бул кандай келесоолук? Кылмышкерлер, адам өлтүргүчтөр менен кантип сүйлөшүүгө болот? Бизге жергиликтүү жана чет элдик куралданган, даярдык көргөн бандиттер жана террористтер менен күрөшүүгө туура келди. Дал ошол бандиттер жана террористтер менен [бет келдик]. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул иш жакынкы аралыкта толугу менен аткарылат. Укук коргоо органдары бул милдетти аткарууга моралдык жана техникалык жактан даяр», — деп билдирген ал.

Аны менен бирге Токаев жалгыз гана «мародерлорго» басым кылбастан, нааразылыкка бир нече күн көңүл бурбай койгон бийликти эмес, журналисттер менен укук коргоочуларды башаламандыкка күнөөлүү кылууну чечти.

«“Жарма-активисттердин” жоопкерчиликсиз аракеттеринен улам полиция жана укук коргоо органдары негизги ишинен алагды болууда. Көп учурда зордук-зомбулукка жана кордукка кабылышууда. Ушул активисттердин айынан интернет тарып, анын кесепетинен миллиондогон жарандардын жана атамекендик бизнестин кызыкчылыгы жабыркап жатат», — деп билдирген ал бийликтин интернетти өчүрүү чечимин да журналисттердин айынан болду деп.

ТЕМА БОЮНЧА:

Касым-Жомарт Токаев: Кимде ким багынбаса — жок кылынат