Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанга «террористтик кол салууга» Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Ооганстандын согушкерлери катышканын билдирди. Токаедин билдирүүсү 10-январда президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Казакстандын президенти кайгылуу окуяларды болуп көрбөгөндөй агрессия жана мамлекеттүүлүккө кол салуу деп атады.
«Бул террористтик кол салуу болгонуна эч күмөнүм жок. Негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Ооганстандан келген чет өлкөлүк согушкерлердин катышуусу менен Казакстанга карата жакшы уюштурулган жана даярдалган агрессия актысы болду. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштын согушкерлери да болгон.
Бийликти басып алуу менен биздин аймакта көзөмөлгө алынган башаламандык зонасын түзүү идеясы болгон. Ошондуктан Казакстанда антитеррордук операция башталды», — деп билдирди Токаев.
Анын айтымында, террористтердин зомбулук аракеттери укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен карапайым калк арасында көптөгөн жоготууларга алып келген.
Ошондой эле, 1 300гө жакын ишкердик объекти жабыркап, 100дөн ашык соода борбору жана банктар тонолгон, 500дөн ашык полиция унаасына өрт коюлган. Касым-Жомарт Токаевдин эсебине ылайык, мамлекетке келтирилген экономикалык зыян 2-3 миллиард долларды түзүшү мүмкүн.
Кыргызстандыктарды айыптоо
2022-жылдын 2-январында кошу Казакстанда суюлтулган газдын баасы кымбаттатылганына каршы митинг башталган. Кийин тынчтык акциясы митингчилер менен күч органдарынын кагылышуусуна өткөн. Алматыда өтө эле оор кырдаал түзүлгөн — шаарда талоончулук, өрт коюу, административдик имараттарды басып алуу жана күч органдары менен куралдуу кагылышуу учурлары катталган.
Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.
6-январда казак бийлиги Алматыда демонстранттарга каршы ок ата баштап, аны «тазалоо» жана «антирорристтик операция» деп атаган. ИИМ ондогон адам «жок кылынганын» билдирген. «Жок кылуу» деген сөз негизи демонстранттар өлтүрүлдү дегенди туюндурушу мүмкүн.
Кийинчерээк казак бийлиги «террористтер» чет өлкөдөн окутулганын билдирген. Андан соң кармалган демонстранттардын арасында чет өлкөлүктөр, анын ичинде «коңшу өлкөнүн жарандары» бар экени тууралуу маалымат тараган, бирок кайсы өлкө экени айтылган эмес.
Ал арада маалымат айдыңында кыргызстандыктарга карата чабуул башталган. Алгач саясий эксперттер башаламандыкка байланышы бар деп айтып жүргөн кримтөбөл «Дикий Арман» Алматыдагы талоончулукка кыргызстандыктар катышкан деп айткан. Андан кийин кыргызстандыктар тууралуу видеону ар башка блогерлер жаздыра баштаган.
Андан кийин «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы 90 миң теңге үчүн мародерлукка катышкан делип сабалган кыргызстандыктын видеосун көрсөткөн. Бул болгону 15миң сом жана эки жылдан бери чек аралар жабык турганын эске алганда Кыргызстандан Казакстанга баруу алда канча кымбатка турат. Видеодогу киши ага учак билетин сатып беришкенин айткан.
Бирок кийин кармалган адам — таанымал кыргыз пионисти Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. 10-январда ал камактан бошотулганы белгилүү болгон.
Кыргыз бийлиги кеминде беш кыргызстандык кармалганын кабарланган. Бирок социалдык тармактарда Казакстанда кармалгандар алда канча көп болушу мүмкүн деген маалыматтар чыгууда.