ТИМ Казакстанда беш кыргызстандык кармалганын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин 9-январга карата Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан беш кыргызстандык кармалганы тууралуу «маалыматы бар». Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Бул маселе боюнча казак тарап менен тийиштүү иштер алып барылып жатат», — деп кошумчалашты ТИМден.

Бирок социалдык тармактарда Казакстанда кармалган кыргызстандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн деген кабар тарады.

Коңшулаш өлкөдө кыргызстандыктар кармалып жатканы тууралуу кабар казак бийлиги өлкөдө нааразычылык жана башаламандыктарды чет өлкөлөрдөн даярдыктан өткөн «террорчулар» уюштурду деген билдирүүсүнөн кийин айтыла баштады. 8-январда Казакстандын ИИМи башаламандык фактысы боюнча миңден ашык киши кармалганын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар да бар экенин билдирди.

«Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашык адам кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, кармалгандар коңшу өлкөнүн жарандары», — деп билдирди ведомство. Бирок кайсы мамлекет экенин тактаган жок.

Казакстандан эвакуациялоо

Кыргызстандын ТИМдин билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Казакстанда башаламандыктар башталгандан тартып коңшу өлкөнүн ТИМдин жетекчилиги менен туруктуу, үзгүлтүксүз байланышта» экени белгиленди. Андан тышкары, ведомство Казакбаев «Казакстандагы Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун өзгөчө көзөмөлүнө» алганын кошумчалашты.

ТИМдин маалыматына караганда, 5-9-январь аралыгында ыкчам байланышка миңге жакын жаран телефон чалып, аларга консультация берилип, туугандары менен байланышууга көмөк көрсөтүлгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, 6-январда Кыргызстанга Алматыдан 42 адам эвакуацияланды, алардын арасында чет өлкөлүк жарандар дагы бар. Эртеси күнү Казакстандан жүздөн ашык кыргызстандык чыкты.

Ал эми 9-январда Алматыдан 14 кыргызстандык эвакуацияланды, алардын арасында аялдар жана жаш балдар бар.

«Жарандарды алып келүү маселеси Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги тарабынан ишке ашырылууда, учурда Кыргызстандын 15 жаранын алып келүү маселеси каралып жатат» — деп билдирди ТИМ.

Ведомстводон Кыргызстанга кайтып келүүнү каалагандарга көмөк көрсөтүү иштери улантылып жатат.

Министрлик Казакстанда жүргөн кыргыз жарандары консультативдик-укуктук мүнөздөгү суроолор боюнча Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуусун эскертти:

  • +7 777 8150072 — Кайрат Жакыпов;
  • +7 777 0371448 — Гүлзат Абдурасулова;
  • +7 777 0275596 — Жаркынай Сансызбаева;
  • +7 775 4634295 — Медер Сапаралиев.

Ошондой эле, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин ишеним телефонуна дагы консультация алуу үчүн кайрылса болот:

  • +996 551 312 000;
  • +996 555 007 626;
  • +996 708 52 21 37;
  • Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33, +7 (777) 4733009

Коңшу өлкөнүн бийлиги 7-январдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы жети өткөрмө бекеттин бешөөсүн убактылуу жапкан. Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Кармалган кыргызстандыктар

Буга чейин кыргызстандык джаз-пианист Викрам Рузахуновдун кармалышы коомчулукта чоң нааразычылыкты жараткан.

9-январда Казакстандын «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы «90 миң теңге үчүн (15 миң сом же 200 доллар) мородерлукка катышкан» кыргызстандык тууралуу сюжет көрсөткөн. Видеодогу адам ур-токмокко алынганы көрүнүп турат. Ал «митингге катышуу үчүн Кыргызстандан Казакстанга келгенин» мойнуна алган.

Телеканал кармалган жарандын аты-жөнүн айтпанганы менен жакындары, кесиптештери жана достору видеодогу Викрам Рузахунов экенин тастыкташкан.

Кийин Казакстандын ИИМи видеодогу адам Викрам Рузахунов эмес, Закир Убуров аттуу дагы бир кыргыз жараны экенине ынандырууга аракет кылган. Бирок Убуровдун бир тууган агасы Тахир Юбуров видеогу киши Закир эмес экенин айткан. Ал эми анын фамилиясы Убуров эмеас Юбуров экени белгилүү болгон.

Викрам Рузахунов жана Закир Юбуров (Убуров).

Бирок анын айтымында, Закир Юбуров да кармалган жана анын жакындары кайда экенин билишпейт. Ал акыркы жолу 7-ноябрда жума намазга барганда байланышка чыккан. Намаздан кийин ал туугандарынын жанына, башкача айтканда, Кыргызстандын Чүй облусундагы Ивановка айылына келмек. Бирок ал жакындарына жетпей казак-кыргыз өткөрмө постунан кармалган.

Кыргызстандын жарандарынын кармалышына байланыштуу ТИМ Казакстанга нааразычылык нотасын жөнөткөн — ведомство ар бир кыргызстандыктын кызыкчылыгын коргой турганын кошумчалаган.

Рузахуновдун кармалышына президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев реакция кылган. Жапаров бардык ведомстволорго тийиштүү тапшырмаларды бергенин билдирген.

Ташиев кыргыз бийлиги Казакстандагы кыргыз жарандарын мародёр катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканына нааразы экенин айткан.

Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Викрам Рузахуновду кыйноого алганы үчүн кылмыш ишин козгоону сунуштаган. Андан сырткары, көзөмөл органдан укук коргоо органынын кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүү боюнча Казакстанга сунуштама жөнөтүү өтүнүчү айтылды.