Кумтөрдө 2021-жылы 14,5 тонна алдын өндүрүлдү. Тенгиз Бөлтүрүк минкабга отчёт берди

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 18-январда «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк кендин 2021-жылга карата иши боюнча министрлерге отчёт бергенин билдирди.

Бөлтүрүктүн айтымында, өткөн жылы, кен тышкы башкарууда турганда «Кумтөрдө» 14,5 тонна алтын өндүрүлгөн. Ошондой эле компания 13,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн.

2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн каражат 856 млн долларды түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн доллардын алтыны сатылган.

Мындан тышкары, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16%дан ашуун кыскарган. Жапаров бул канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы башкарган мурдагы менеджментке салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу менен чарбачылдыгын көрсөтүүдө деп эсептейт.

Бөлтүрүктүн айтымында, 2022-жылы рудаларды кайра иштетүү технологиясын өнүктүрүү, алтындын алынышын жогорулатуу, кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоо үчүн туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Быйыл компания 17 тонндан ашык алтын казууну пландоодо.

«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана “Centerra Gold Inc.” тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, “Кумтөр Голд Компани” эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени туруктуу, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат», — деп билдирди Бөлтүрүк.

«Кумтөр» жана тышкы башкаруу

Кыргыз бийлиги тарабынан «Кумтөр» кенине сырткы башкаруу 2021-жылдын 17-майында киргизилген. Жыйынтыгында бийликтин аракети жаңжалга алып келген жана Centerra Gold Inc буга жооп ирээтинде Кыргызстандын өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп билдирип, Бөлтүрүктү сотко берген.

Кыргыз бийлиги канадалык компанияга коюп жаткан эң башкы доо — Экологиялык зыян. Алсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшкөн.

Ал эми 2022-жылдын январында кыргыз тарап менен Centerra’нын ортосунда тынчтык келишимин талкуулоо аягына чыгып калганы белгилүү болгон. Тараптар жыйынтыкты макулдашуунун алдында бири-бирине өз талаптарын коюшкан.