4,2 млрд $ доо, келишимди бузуу. «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссиянын сунушу

12-майда «Кумтөр Голд» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия быйыл февраль айынан бери жасаган ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров Кумтөр кенин иштетип жаткан Centerra Gold компаниясы «маалыматтарды бурмалап» жатат деп билдирди. Ошол эле учурда анын айтымында, өкмөт «дайыма алар менен соодалашып» пайдасыз келишимдерди түзүп келген.

Мамлекеттик комиссия экологияга келтирилген зыян, салык жана айып пулдар үчүн компаниядан 4,2 млрд доллардан ашык каражат өндүрүүнү сунуштаган, эгерде ишкана төлөп бере албаса, мүлк Кыргызстанга өткөрүлөт.

Андан тышкары, Жапаров Centerra Gold өлкөдөгү саясий процесстерге кийлигишкенин билдирди.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени, анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold компаниясы башкарган «Кумтор Голд Компани» ишканасы иштетет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. «Кумтөр» компаниясы — бюджет түзүүчү ишкана.

$4,2 млрд айып жана 106 тонна алтын

Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия алтын казуучу компаниядан 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алуу керектигин билдирди. Бул сумманын ичинде буга чейин Октябрь райсоту экологиялык бузуулар жана мамлекеттик пошлина үчүн төлөөгө милдеттендирген 263 млрд сом дагы бар.

Жапаровдун айтымында, негизги сумма бул компаниянын экологияга келтирген зыяны — 3 млрд 86 млн доллар, ал эми салык зыяны — 1 млрд 166,5 млн доллар.

«Бул компания төлөп бериши керек делген төлөмдүн негизги суммасы. Туум жана штрафтарды эсепке алганда — бул 4 млрд 252 млн 800 миң доллар. Сом менен бул 459 млрд 558 млн 100 миң сом. Жалпысынан бул сумманы далилдесе болот деп эсептейбиз. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айыппулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго айырбаштоо тажрыйбасы токтотулушу керек деп эсептейбиз. Мындан ары «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биздин биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл», — деди Жапаров.

Андан сырткары Жапаровдун айтымында, мамкомиссия уулуу калдыктарды сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды өлкөнүн менчигигине кайтарып алган. Эми бул алтынды иштетилген рудадан бөлүп алуу керек.

«Жакынкы күндөрү биздин туруктуу юрисдикциябызды, биздин кен байлыктардын калдык сактоочу жайлардагы менчигибиз, мамлекетибиздин менчиги экенин аныктай турган мыйзам кабыл алынат деп үмүт кылам. Бул деген 106 тоннадан ашык алтын. Президенттер жана премьерлер ушуга чейин алтыныбызды сатып келишти, анын ичинде Кумтөр, Жерүй жана башка Кыргызстандын аймагындагы кендер бар», — деди ал.

Мамкомиссиянын башчысы алдыңкы 5-10 жылдын ичинде 106 тонна алтын алуу мүмкүн экенин белгиледи.

«106 тонна алтын жалпы жонунан 5 млрд 200 млн доллардан ашат. Демек, жалпы суммасы 10 млрд долларга жакындайт. Биздин мыйзамдарга ылайык, бир бөлүгүн өндүрүп, калганын иштетсек болот», — деди ал.

«Сотко даярданып жатабыз»

Жапаров «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия маселени чечүүнүн үч вариантын сунуштап жатканын айтты.

«Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бүт далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек. Биз “Барганда утулабыз” дебей, “Биринчи өзүбүздун соттордун баарын бүтүрүп, далилдерибиз менен барганда утабыз” деп, эгер утпай калсак утулуп калышыбыз мүмкүндүгүн эске алып, экөөнүн ортосунда сүйлөшүү процесси же тынчтык келишими бар деген үч жолду көрсөтүп жатабыз парламентке. Мурунку президенттер жана өкмөт башчылары “Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коелу” деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай койдук», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле, эл аралык соттогу териштирүү жарым жылдан он жылга чейин созулушу мүмкүн деп кошумчалады. Президент үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып өндүрүлгөн алтынды Кыргызстандын ичинде калтырууну сунуштады.

«Майдан баштап алтын Кыргызстанда кала берсе 2-3 жыл Кудайдын жардамы менен соттошсок 30-50 тонна алтыныбыз болсо кимиси менен болсо да соттошо беребиз», — деди эл өкүлү.

Жапаровдун айтымында, юридикалык фирмалардын бири Centerra Gold компаниясынын атынан Кыргызстандын өкмөтүнө эгерде мамлекеттин бийлиги 45 күндүн аралыгында сүйлөшүүгө барбаса, компания келишим бузулду деп Арбитраждык сотко берерин эскерткен.

«Центерранын сайтын карасаңар, компаниянын өзүнүн баасы, Кумтөр кени 2 млрд 400 млн доллар деп турат. Биз азыр сиздер менен бирге санкциялардын жыйынтыгын бекиттик: 4 млрд 252 млн доллар зыян келтирилген [...] Биздин мыйзамдарга ылайык, эгер алар төлөй албаса, бардык мүлкү биздин карамагыбызга өтөт», — деди Жапаров.

Centerra саясий маселелерге кийлигишкен

Жапаровдун айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизген. Ал Centerra Gold тарабынан 2011-2012-жылдары которулган демөөрчүлүк каражат мыйзамдарды бузуу менен которулуп, борбордук казыналык системадан тыш колдонулганын билдирди.

«Комиссия аябай кызыктуу фактыны таап чыкты. 2011-2012-жылдары Centerra Gold демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тыш колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон. Centerra Кыргызстандын саясий процессине одоно кийлигишкен, өлкө президентин шайлоого таасир эткен», — деди ал.

… маалыматты манипуляция кылган

Жапаровдун айтымында, Centerra Gold жылдар бою маалыматты манипуляция кылып, 26 жылдын ичине Кыргызстанга болгону 1,750 млрд доллар которгон.

«Биз Centerra Gold компаниясынын сайтын карап, алар маалыматты манипуляциялаган деген бүтүмгө келдик. Анда Кыргызстанга 4 миллиард 485 миллион 952 миң доллар которулганы жазылган. Чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн Кыргызстанга жумшаганын көрсөткөн. Бирок алар чынында бизнес чыгымдарына колдонгон. Иш жүзүндө "Кумтөр" ачылгандан бери, тагыраагы, 26 жылда Кыргызстанга 1 миллиард 750 миң 818 миң доллар которгон. Анын дагы 90 пайызын салык катары төлөгөн. Калган цифралар манипуляцияланып, компаниянын Кыргызстанга бөлгөн каражаты катары көрсөткөн. Чынында 2,5 эсе аз которгон», — деди ал.

Мындан тышкары мамкомиссия Centerra Gold техникаларды Канадада оңдотоорун жана жылдар бою колдонулбай калган жараксыз техникаларды сатып алып, андан соң кымбаттатылган баада эсептен чыгарып коёорун аныктаган.

Акция үлүшү азайып кеткен

Жапаров 2009-2021-жылдардын аралыгында Кыргызстандын Centerra Gold компаниясындагы акцияларынын үлүшү түшүнүксүз жагдайларга байланыштуу жана кыргыз өкмөтүнүн уруксатысыз 33,3%дан 26,1%га чейин азайып кеткен.

«Албетте, алар [өкмөт] расмий макулдук берген эмес. Бирок расмий уруксаты жок эле өзүбүздүн үлүшүбүздү азайтып салганбыз. Кыргызстандын Centerra Gold компаниясына үлүштүк капиталынан 100,7 млн доллар уттурган», — деп билдирди ал.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2016-жылдан тартып 2021-жылга чейин акциялардын үлүшү 0,5%га, 0,3%га, андан соң дароо 6%га азайган. Ошондуктан Жапаровдун оюнча, Кыргызстандын Центеррадагы акцияларынын үлүшүнө байланышкан негизсиз операциялары боюнча иликтөө жүргүзүп, эмне үчүн азайганын аныктоо керек, себеп дегенде акционер буга уруксатын берген эмес.

Ал Кыргызстан 6% акциясын Centerra Gold компаниясы 2016-жылы тоо-кен иштетүүчү Thompson Creek компаниясын 1 млрд 28млн долларга сатып алганда жоготуп алганын билдирди. Келишим акцияларды кошумча эмиссиялоо аркылуу жүргөн. Азыр Жапаровдун маалыматына таянсак, Thompson Creek компаниясынын активдери наркын жоготкон. Анын учурдагы баасы болгону 522,6 млн долларды түзөт.

Депутат билдиргендей, «Кыргызалтындын» аткаминерлери өлкөнүн компаниядагы акцияларынын үлүшү эмнеге азайып кеткенин билүүгө аракет кылышкан эмес.

Пайдасыз келишимдер түзүлгөн

Жапаровдун айтымында, өкмөттүн 2013-2020-жылдары кабыл алган чечимдеринен улам Кыргызстан 438 млн доллар, же 37 млрд 142 млн сом жоготкон болушу мүмкүн. 2019-жылы кол коюлган келишимден улам мамлекеттин чыгымы (жоготуусу) 60,2 млн долларды түзгөн.

«Салыктар чегерилген, камсыздандыруу тарифи дагы чегерилген, айыптар салынган, бирок кандайдыр бир жол менен өкмөт бул компания менен өлкөнүн казынасынын кызыкчылыгына каршы келген түрдүү соодалашууга барган», — дейт эл өкүлү.

Ал бул каражаттарды «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген» келишимге кол койгон жана сүйлөшүүлөргө катышкан адамдардын эсебинен кайтарып алууну сунуштады.

Мындан тышкары, Жапаровдун айтымында, Кыргызстан Кумтөр кенин 2014-жылы эч кандай соттошуусуз эле кайтарып ала алмак. 2012-жылы компания кенде жер алдынан казуу иштерин баштагысы келген, бирок эки жылдан кийин бул идеядан баш тарткан.

«2009-жылдагы келишимдин шарты боюнча, эгерде, Centerra компаниясы жер алдынан казуу иштерин жүргүзүүдөн баш тартса, кен Кыргызстанга өтмөк. Биз тендер жарыялап, же өзүбүз жер алдынан казуу иштерин баштай алмакпыз. Бирок, тилекке каршы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган жумушчу комиссия Центерраны колдоо керек, жер алдынан казуу жүргүзбөө керек жана кенди ачык ыкма менен иштетүүнү улантуу керек деген тыянакка келген», — деди депутат.

«Кумтөр» менен бардык келишимдерди жокко чыгаруу же сырттан башкаруу киргизүү

Мамлекеттик комиссия текшерүү иштеринин жыйынтыгында Кумтөр кенине байланыштуу бардык келишимдерди 10-июнга чейин бузууну, же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүүнү сунуштаган*.

*6-майда Жогорку Кеңеш Кумтөргө сырткы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамдарды кабыл алган.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын өкмөтү менен Centerra Gold компаниясынын ортосундагы бардык келишимдерди бузууга болот, анткени бул эл аралык келишим эмес.

«Centerra Gold эл аралык келишимдин тарабы эмес, Юстиция министрлиги менен ТИМдин тиешелүү корутундулары турат [...] Кыргызстандын өкмөтү менен Centerra Gold компаниясынын ортосундагы келишимди бузууну сунуштайбыз: жаңы шарттар тууралуу келишим, кайрадан каралган концессиялык келишимди жана башка колдонуудагы документтерди», — деди депутат.

«Кумтөрдүн» айланасындагы жагдай

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган.

Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми Centerra Gold доогерлердин талаптарын негизсиз деп атаган. Компания Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол койгонун эскерткен. Ага ылайык, компания коюлган бардык дооматтардан, анын ичинде мөңгүлөргө чогулган калдыктардан улам айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруудан дагы бошотулган.

17-майда парламентте кезексиз жыйын өтөт, анда президент Садыр Жапаров дагы Кумтөргө байланышкан маселелер боюнча пикирин билдирет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кумтөр» мамлекетке 262 млд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди

«Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?