«Дастан» заводунун кампасында Орусиядан насыяга алынган 400 ИВЛ сакталып турганы ачыкталды

2020-жылдын июль айында COVID-19 илдети күч алган маалда «Дастан» заводунун жетекчилиги Орусиядан алып келген 400 жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) бүгүнкү күнгө чейин колдонууга берилбей, ишкананын кампасында сакталып жатканы белгилүү болду.

Алгач депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин 19-январдагы отурумунда Орусиядан 2020-жылы «чоң суммага» алынып келинген ИВЛ аппраттары эмне болгонуна кызыкты.

*ИВЛ аппараты канды кычкылтек менен камсыздоо үчүн кычкылтекти жана кысылган кургатылган абаны бейтаптын өпкөсүнө түз жеткирет. ИВЛ бейтап өз алдынча дем ала албай калган учурда колдонулат.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов ИВЛдердин акысы төлөнө электигине байланыштуу ал 1,5 жылдан бери «Дастан» заводунун кампасында турганын билдирди. Ошондой эле Байсалов өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар «бир-эки аптанын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет» деп ишендирди.

«Биздин ошол кездеги Орусиядагы элчибиз [Аликбек] Жекшенкулов мырзанын колдоосу менен бир канча ИВЛ аппараттар [Кыргызстанга] келип, бирок 1,5 жылдан бери “Дастандын” кампасында турат. Орусия салып жөнөткөн, бирок акча төлөнгөн эмес», — деди ал.

Улукбек Ормонов бүгүнкү күндө ИВЛ аппараттардын кереги жок болгонун жана анын баасы кымбат экенин айтып, минкабдын чечимин «туура эмес» деп билдирди. Ал келишимди жокко чыгарып, жасалма дем алдыруучу аппараттарды кайра жөнөтүүнү талап кылды.

«Өкмөт муну суранган эмес, пандемия учурунда [“Дастан”] заводунун жетекчилигинин демилгеси менен [ИВЛ аппараттар] келген. Өтө кымбат баада келген. Эгерде ошол кымбат баада ССМге өткөрүп бере турган болсоңуздар бул эң туура эмес иш болот. Эгерде акчасы төлөнбөгөн болсо аппараттарды кайтарып бериш керек. Муну “[ССМге] өткөрүп беребиз” дегениңер бул “өкмөттү төлөтөбүз” дегениңер. Бул туура эмес», — деди Ормонов.

Ал эми жаңы дайындалган санариптик өнүктүрүү министри, «Дастан» заводунун мурдагы жетекчиси Талантбек Иманов ИВЛ аппараттар төмөн баада «кредиттик товар» катары алынганын, завод киреше табууну көздөбөгөнүн билдирди. Ошондой эле ал келишимде «эгерде жабдыктар керек эмес болсо аларды кайтарууга болот» деген пункт бар экенин айтты.

Ал эми депутат Ормонов бул маселени парламенттик комитет изилдеп чыгып, чечим чыгаруусу керектигин айтты. Депутат «өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды Кыргызстанга алып келип, кырдаал менен пайдаланып аларды эки эсе кымбат баада сатуу — кылмыш» деп баалады.

«Эгерде [ИВЛ аппаратты чыгарган] заводдун баасы менен келип, [үстүнө] бир тыйын кошулбаса, мен ушул жердеги сөзүмдү кайра аламын», — деди Ормонов.

Ормоновдун сунушун «Альянс» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов колдоп, ИВЛ аппараттардын зарылчылдыгы жок болгонун билдирди.

Байсалов депутаттарга жооп кайтарып, пандемия маалында ИВЛ аппараттар «алтынга тете болгонун», буга карабастан «Орусия стратегиялык өнөктөш катары» 300 стационардык жана 100 көчмө жабдык бергенин айтты.

Бирок минкабдын башчысынын орун басары да, жаңы министр да эмне үчүн 400 ИВЛ убагында колдонууга берилбегенинин себебин ачыкташкан жок.

Кыргызстанда 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталгандан тарта өлкөдө өпкөнү жасалма дем алдыруучу 649 аппарат бар болгону, бирок анын 365и гана иштегени белгилүү болгон. Мындан улам «каргашалуу июльда» ИВЛ аппараттары, мындан сырткары кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалган.