Айыл чарба министрлиги: Быйыл сугат суу тартыш болушу мүмкүн

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 20-январдагы брифингде 2022-жылы өткөн жылдагыдай эле сугат суусунун тартыштыгынан «кыйынчылыктар болот» деп билдирди.

Ал фермерлердин ишин жакшыртуу жана эгин талааларын сугаруу көйгөйүн жоюу үчүн ведомство ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү иштерин баштаганын айтты.

«Биздин кызматкерлердин чарбалар ортосундагы тармакты даярдоосуна 1 миллиард сом бөлүнгөн. Биз жергиликтүү бийлик органдары менен активдүү иштеп жатабыз», — деди министр.

Аны менен катар, Жаныбеков ирригацияны оңдоп-түздөп жакшыртуу керек экенин белгиледи. Анткени азыркы шартта сууну жеткирүүдө 60%га жакын суу коромжу болот.

«Мисалы каналдын башында секундасына 10 кубметр суу жүктөй турган болсок, фермер 4-4,5 куб суу алат, жарымынан көбүн жолдо эле жоготуп алабыз. Бул миллиард сомго 661 каналды оңдоп алсак болот, каналдын 114 километрин бетондоп, 883 км бөлүгүндө тазалоо иштери жүрөт», — деди ал.

Министрдин айтымында, ирригацияны оңдоо жана каналдарды бетондоо аркылуу суунун коромжусу азайып, шар кетип, натыйжада дыйкандар чарбасына көбүрөөк суу ала алат. Ал алынган 1 млрд сомго баардык облустарда ирригацияны оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын жана иштер 2022-жылдын соңуна чейин уланарын кошумчалады.

Министр «Кыргызгидромет борборунун» маалыматтарына таянуу менен, быйыл кургакчылык болушу мүмкүн деген кептерге өз божомолун айтты.

«Бүгүнкү күндөгү жаан-чачынга карап, суу көп болбойт деп божомолдоп жатабыз. Жаан-чачын азырынча аз. Вегетациянын биринчи жарымында суунун көлөмү боюнча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин моюнга алабыз. Биз үчүн эрте сугат учурунда, апрель, май айларында суунун болушу маанилүү», — деди министр.

2021-жыл жаан-чачындын аз, кургакчылык болгондуктан дыйкандар үчүн оор болду. Дыйкандар бийликтин көңүлүн көйгөйгө бурдуруу үчүн Бишкекте митингге да чыгышкан.

Кургакчылык дыйкандардан тышкары өлкөнүн энергетикасына да таасирин тийгизип, кризисти жаратты. Бийлик электр энергиясына чектөө киргизип, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болду.