Казакстанда Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкарат деген мыйзам жокко чыкты

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин өмүр боюу Казакстандын Улуттук ассамблеясынын жана республиканын Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын жокко чыгарган мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөрдү жактырды. Бул тууралуу Мажилистин депутаты Канат Нуров Фейсбук барагында билдирди.

Нуров эми түзөтүүлөр парламенттин жогорку палатасына — сенатка жөнөтүлөрүн айтып берди.

«Биринчи президеттин өмүр боюу КУАнын жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын аркалайт деген мыйзамды жокко чыгаруу керек болчу. Бул тууралуу буга чейинг өзү да жарыялаган, биз бүгүн ишке ашырдык. Мен мажилистин бул тарыхый чечим кабыл алуусуна катыштым», — деп кабарлады эл өкүлү.

Назарбаевдин кайрылуусу

18-январда Нурсултан Назарбаев 2021-жылдын аягынан бери биринчи жолу коомчулукка чыгып кайрылуу жасап, пенсионер катары «ардактуу эс алууда» экенин, ал эми бийлик толугу менен Касым-Жомарт Токаевде экенин айткан.

«Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент “Нур Отан” партиясынын төрагасы болуп шайланат», — деген ал, өлкө башчысы Токаев сунуштаган реформаларды колдоого чакырып.

Ошондой эле Назарбаев өлкөдөн чыгып кетти деген ушактарды четке кагып, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында экенин кошумчалаган.

5-январда өлкөдөгү ири нааразычылык акцияларынын шартында Токаев Коопсуздук кеңешти өзү жетектей турганын жарыялаган. Назарбаев Коопсуздук кеңешти 2019-жылдан бери башкарып келет жана бул кызматты өмүрүнүн аягына чейин аркаламак.

Казакстандагы нааразылыктар

Нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Митингде эң эле көп «Шал, кет!» деген ураан-чакырык айтылган. Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен.

Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу Алматыда катталган. 5-январь күнү күндүз демонстранттар Алматы шаардык администрациясын басып алышкан. Ошондой эле ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамрезиденциясына жеткенин да жазышкан. Натыйжада ал жерде өрт чыккан.

Мындан тышкары, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Бирок 6-январга караган түнү бийлик аба майданы бошотулганын билдирген. Ишкерлер шаардагы ири соода борборлору таланып-тонолгонун билдиришкен.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган.

14-январда Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү мекенге кайтып келген — казак бийлиги өлкөдө кырдаал калыбына келгенин белгилеген. Башаламандыктар учурунда 225 жаран каза тапкан, алардын арасында 19 аскер кызматкери бар.