Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев январдын башындагы башаламандыктардан кийин алгачкы жолу видеокайрылуу жасап, нааразылыктар тууралуу сөз кылды. Назарбаев кайрылуунун башында акыркы окуялар Казакстандын көз карандысыздыгын «көздүн карегиндей сактоо» керектигин көрсөткөнүн белгиледи.
Ошондой эле Назарбаев митингдер башталгандан тарта Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында экенин, «пенсионер катары» эс алып жатканын билдирди. Мындан сырткары, Назарбаев бийликтин баары президент Касым-Жомарт Токаевде экенин эскертип, экөөнүн ортосунда эч кандай тирешүү болбогонун кошумчалады.
«Менин дарегиме карата айтылган бир нече кайрылууларга жана ЖМКларга жарыяланган маалыматтарга жооп катары, 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди билдирем. Ошол убакыттан бери пенсионер экенимди айтып коёюн [...] Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент “Нур Отан” партиясынын төрагасы болуп шайланат. Ошол себептен элитада эч кандай пикир келишпестик же тирешүү жок. Бул теманын айланасындагы ушактар негизсиз», — деди Назарбаев.
*Нааразылыктардын шартында Токаев Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп келген. Ал Казакстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Карим Масимов жана анын орун басары, Назарбаевдин жээни Самат Абишти кызматтан алган. Көп өтпөй «КазТрансОйл» жана «Казахгаз» компанияларын жетектеген Назарбаевдин күйөө балдары Кайрат Шарипбаев жана Димаш Досанов да кызматтарынан алынган. Ошол кезде Назарбаев жана Токаевдин ортосунда тиреш болуп жатканы айтыла баштаган.
Казакстандын биринчи президенти башаламандыктар «атайын уюштурулганын» билдирип, тоноолор жана киши өлтүрүүлөрдү ким жасаганын күч органдары аныкташы керек экенин белгиледи. Анын айтымында, башаламандыктар өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу максатын көздөгөн.
Мындан сырткары, Назарбаев өлкө башчы Токаев сунуштаган реформаларды колдоо керектигин кошумчалады.
«Биз кризистен сөзсүз өтөбүз жана мындан дагы күчтүү болобуз. Президент элдин турмушун дагы да жакшырта турган программа сунуштады, аны колдоо керек», — деди ал.
Казакстандагы нааразылыктар
Нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.
Митингде эң эле көп «Шал, кет!» деген ураан-чакырык айтылган. Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен.
Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу Алматыда катталган. 5-январь күнү күндүз демонстранттар Алматы шаардык администрациясын басып алышкан. Ошондой эле ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамрезиденциясына жеткенин да жазышкан. Натыйжада ал жерде өрт чыккан.
Мындан тышкары, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Бирок 6-январга караган түнү бийлик аба майданы бошотулганын билдирген. Ишкерлер шаардагы ири соода борборлору таланып-тонолгонун билдиришкен.
Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.
6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.
11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган.
14-январда Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү мекенге кайтып келген — казак бийлиги өлкөдө кырдаал калыбына келгенин белгилеген. Башаламандыктар учурунда 225 жаран каза тапкан, алардын арасында 19 аскер кызматкери бар.