«Каралоодон алыс болсоңуздар». Президент Темиров менен Назаровдун ишине көз салып турарын айтты

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчалары аркылуу иликтөөчү журналист Болот Темиров жана анын кесиптеши акын Болот Назаровдун кармалышы тууралуу билдирүү жарыялады. Ал аларга тагылган айып боюнча иш «калыс тергелиши керек» деп эсептейт.

«Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам», — деп билдирди президент.

ИИМ Temirov Live’тын кеңсесинде жана Сухомлинов көчөсүндөгү боз үйдө А.А. аттуу айымды (бул даректе ЮРФА медициналык борбору жайгашкан) баңгизат колдонууга мажбурлашкан деген версияны таратты.

Арыз 22-январда жазылып, ошол эле күнү беткапчан топ редакцияга бастырып кирип бардык кызматкерлерди полго жыгып тинтүүгө алышкан. Темировдун колун байлап үстүнө эки кызматкер отуруп, анын чөнтөгүнөн баңгизат салынган баштыкча алып чыгышкан. Бирок күбөлөр да, Темиров өзү да баңгизатты анын чөнтөгүнө атайлап салып, кайра алышканын билдиришти.

Ошол эле кезде милиционерлер кеңседеги бардык компьютерлерди алып кетишкен — кеңсени тинтүү иштери УКМКнын төрагасы Качыбек Ташиевдердин үй-бүлөсүнө байланышы бар иликтөө чыккандан кийин болуп жатат. Ташиев маалымат жыйын куруп, компьютерлердин баңгизат менен байланышы бар экенин айткан.

«Бул компьютерлерде алар баңгизатты кайдан алаары, баңгизаттын түрлөрү, баасы, алардын аттары жана жайылтуу тууралуу жазуулар болушу мүмкүн», — деген Ташиев.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров журналисттерди «жөнү жок каралоодон алыс болууга» чакырды.

«Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар. Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир», — деп үзөңгүлөшүн колдоду президент.

23-январда курган маалымат жыйында Ташиев Болот Темировдун иликтөөсүнүн «90%ы калп экенин» билдирген.

«Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. “Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели”, деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт», — деп айтты президент.

Буга чейин Ташиев журналисттер жээни Байгазы Матисаков жетекчи болуп дайындалган «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясынын ишин текшергиси келсе «унаа уюштуруп беребиз» деп сөз берген.

Эмне деген иликтөө?

20-январда Темиров Live’дын журналисттери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар компанияга эки күндө эле 37 миллион сом киреше алып келген «Ташиевдердин схемасы» тууралуу сөз кылган иликтөөсүн жарыялаган.

Журналисттер «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын Ташиевдин жээни, 31 жаштагы Байгазы Матисаков жетектеп жатканын ачыкташты. Матисаков бул кызматка 2020-жылы бийликке учурдагы президент Садыр Жапаров келгенден кийин дайындалган.

Буга чейин заводду Нурлан Максутов жетектеп келген — ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына таандык.

«“Кыргыз Петролеум Компани” “Кыргызнефтегазга” тиешелүү жападан-жалгыз нефтини кайрадан иштетүүчү ишкана. Эки ишканада тең мамлекеттин үлүшү бар. Заводдо Кыргызстанда казылып алынган нефть кайра иштетилип, дизель, бензин, мазут өндүрүлөт», — деди иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 18-декабрында жумушчу сапарынын алкагында аталган ишканага барган. Анда ал «Кыргыз Петролеум Компани» 2020-жылы 47 млн сом зыян тартса, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 160 млн сомду түзгөнүн билдирген.

«Регион Ойл» жана Ташиевдер

Ал эми «Регион Ойл» ишканасы «Кыргыз Петролеум Компаниде» өндүрүлгөн мазутту экспорттойт. Тыныстанов «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун билдирди. Ишкана мындан 37 млн сом киреше тапкан.

«Регион Ойл» 34 жаштагы Назгүл Айдаровага таандык — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды.

Temirov Live «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга таянып, Айдарова жетектеген «Регион Ойл» бир жылдын ичинде Түштүк-батыш бажыга товарларды каттоо үчүн 52 жолу төлөм жүргүзгөнүн билдирди.

«Бир гана мазут экспорттойбуз. Мазуттан бөлөк продукцияны экспорттоого тыюу салынган, ошого мазутту гана экспорт кылабыз [...] [2021-жылы] Өзбекстан, Италияга [экспорт болду]», — деген Айдарова Temirov Live’дын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Айдарова «Регион Ойл» бир жылда канча тонна мазут экспорттогону тууралуу маалыматты ачыктоодон баш тартып, Салык кызматына кайрылууну айткан.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк Айдарова «Регион Ойл» Ташиевдер жана «Кыргыз Петролеум Компани» менен байланышын четке каккан.