«Ташиевдин партиясы». Маткеримов менен Калмаматов дебатта кайым айтыша кетишти

Айбек Маткеримов/Бактыбек Калмаматов

КТРКнын теледебатында «Азаттык» партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу экенин билдирди.

Ошондой эле ал Ташиев бийликте отурганын белгилеп, «бийликтин камчысын эмес элдин камчысын чапканды үйрөнүшүбүз керек» деди.

«Айбек мырза бараткан партия бул Камчыбек Кыдыршаевичтин партиясы экенин бүтүн Кыргызстан билет. Ал адам азыр бийликте отурат. Анан ким жалтаң экени, ким кошоматчы экенин парламентке өтсөк буюрса көрөсүңөр. Бийликтин атынан келген бир дагы партиянын тилекке каршы бир дагы бийликке тиш кайраганын көргөн эмесмин», — деди Калмаматов.

Ал эми Маткеримов Калмаматовдун «Ата-Журт Кыргызстан» Ташиевге «тиешелүү» деген сөзүн четке кагып, «бизди эч бир бийлик алдына салып кетип жаткан жок» деп айтты.

«Бул партиянын Камчыбек Ташиевге эч кандай тиешеси жок. Муну кесе айта аламын. Бизди эч кандай күчтөр, эч бир бийлик алдына салып кетип жаткан жок. Ар бирибиз өзүбүздүн эркибиз менен, өзүбүздүн акылыбыз менен иш алып барабыз. Ал жерге баргандан кийин эле өзгөрүп кетпеш керек. Адам бир принцип менен жашашы керек», — деди ал.

Айбек Маткеримовдун жообунан кийин Бактыбек Калмаматов телекөрүүчүлөргө кайрылып «шайлана элек жатып жалган айтып жаткандардан эмнени күтөсүңөр» деп суроо салды.

«Эч кандай тиешеси жок дегенге ким ишенет? Бул партиянын тизмеси кантип түзүлгөнүн, ким түзгөнүн, парламентке барганда кимдин камчысын чабарын элдин баары билет», — деди ал.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстандын» лидери атаандашын факты менен сүйлөөгө чакырды.

«Ким жалганчы, ким кандай экенин убакыт көрсөтөт. Убактысы келгенде билесиздер. Мынтип кооз сүлөп эле, бийликке же жеке бирөөгө асылып упай топтойм дегенден алыс бололучу», — деди Маткеримов.

Айбек Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Анда «Мекенчилди» Камчыбек Ташиев баштап барган. Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырган. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүргөн.

Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылдары депутат болгон.

Авторлор: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы