«Регион ойлдун» жетекчиси Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышын четке какты

Иликтөөнүн видеосунан скриншот

«Регион ойл» компаниясынын жетекчиси Назгүл Айдарова ишкананын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин четке какты. «Вечерний Бишкек» басылмасына берген маегинде ал Темиров LIVE каналынын иликтөөсүндө айтылган фактылардын баары «чындыкка дал келбей турганын» билдирди.

«“Кыргыз Петролеум Компани” менен Ташиевдин үй-бүлөсүнүн менин ишканама эч кандай тиешеси жок. Анын үстүнө Болот Темировдун видеосунда айтылган мазуттун “Кыргыз Петролеум Компаниге” эч кандай тиешеси жок. Мен башкалардай эле Кочкор-Атадан чийки нефтини сатып алып, аны кайра иштетүү үчүн заводго өткөрүп, андан кийин продукцияны жергиликтүү базарга сатам. Ошол эле учурда кирешеге жана кошумча наркка акциз, салык төлөйм», — дейт Айдарова.

Анын айтымында, мазуттун өздүк наркы товарды жеткирүүгө кеткен бардык чыгымдарды жана эмгек акыларды камтыйт, бул өз кезегинде экспорттолуучу товарлардын баасына таасирин тийгизет.

Ошол эле учурда ал «Кыргызнефтегаз» ишканасынан мазутту протоколдук баада сатып алып, Өзбекстанга экспорттоону пландап жатканын кошумчалады.

«Сөзүмдүн аягында журналисттерди социалдык тармактарга чындыкка дал келбеген материалдарды чыгарбоого жана жалган фактыларды бербөөгө чакырам», — деди Айдарова.

Temirov Live’дын иликтөөсү

20-январда Темиров Live’дын журналисттери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар компанияга эки күндө эле 37 миллион сом киреше алып келген «Ташиевдердин схемасы» тууралуу сөз кылган иликтөөсүн жарыялаган.

Журналисттер «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын Ташиевдин жээни, 31 жаштагы Байгазы Матисаков жетектеп жатканын ачыкташты. Матисаков бул кызматка 2020-жылы бийликке учурдагы президент Садыр Жапаров келгенден кийин дайындалган.

Буга чейин заводду Нурлан Максутов жетектеп келген — ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына таандык.

«“Кыргыз Петролеум Компани” “Кыргызнефтегазга” тиешелүү жападан-жалгыз нефтини кайрадан иштетүүчү ишкана. Эки ишканада тең мамлекеттин үлүшү бар. Заводдо Кыргызстанда казылып алынган нефть кайра иштетилип, дизель, бензин, мазут өндүрүлөт», — деди иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 18-декабрында жумушчу сапарынын алкагында аталган ишканага барган. Анда ал «Кыргыз Петролеум Компани» 2020-жылы 47 млн сом зыян тартса, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 160 млн сомду түзгөнүн билдирген.

«Регион Ойл» жана Ташиевдер

Ал эми «Регион Ойл» ишканасы «Кыргыз Петролеум Компаниде» өндүрүлгөн мазутту экспорттойт. Тыныстанов «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун билдирди. Ишкана мындан 37 млн сом киреше тапкан.

«Регион Ойл» 34 жаштагы Назгүл Айдаровага таандык — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды.

Temirov Live «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга таянып, Айдарова жетектеген «Регион Ойл» бир жылдын ичинде Түштүк-батыш бажыга товарларды каттоо үчүн 52 жолу төлөм жүргүзгөнүн билдирди.

«Бир гана мазут экспорттойбуз. Мазуттан бөлөк продукцияны экспорттоого тыюу салынган, ошого мазутту гана экспорт кылабыз [...] [2021-жылы] Өзбекстан, Италияга [экспорт болду]», — деген Айдарова Temirov Live’дын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Айдарова «Регион Ойл» бир жылда канча тонна мазут экспорттогону тууралуу маалыматты ачыктоодон баш тартып, Салык кызматына кайрылууну айткан.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда официантты сабаган киши менен Ташиевди эмне байланыштырат?

Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат