Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбук барагына чек арага жакын жайгашкан, «өзгөчө» макамы бар айылдардын тизмесин жарыялады.
Облус башчысы тизмеге кирбей калган айылдардын жашоочулары дагы кайрылып жатканын белгилеп, алардын маселесин эске алууну убада кылды.
Алимбаевдин маалыматына ылайык, тизмеге облус боюнча жалпы 62 айыл кирди:
Лейлек району боюнча өзгөчө макам берилген айылдар:
- Жаңы-Жер айылдык аймагы: Борбордук айылынын Жаштык участогу, Арка, Достук айылдары жана Ай-Көл участогу;
- Кулунду айылдык аймагы: Интернациональное, Коммунизм (Ак-Арык), Ленин (Раззаков), Максат айылдары жана Кайрагач, Майты, Сада участоктору;
- Исфана шаары: Мырза-Патча айылы;
- Бешкент айылдык аймагы: Эски-Оочу айылы;
- Сумбула айылдык аймагы: Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу.
Баткен району боюнча өзгөчө макам берилген айылдар:
- Кыштут айылдык аймагы: Таян, Согмент, Чарбак жана Сай айылдары;
- Суу-Башы айылдык аймагы: Боз-Адыр, Кара-Токой, Бөжөй жана Апкан айылдары;
- Төрт-Күл айылдык аймагы: Ак-Өтөк, Зар-Таш, Чоңгара жана Чоң-Талаа айылдары;
- Кара-Бак айылдык аймагы: Достук, Дөбө жана Кара-Бак айылдары;
- Самаркандек айылдык аймагы: Самаркандек, Миң-Өрүк жана Паскы-Арык айылдары;
- Ак-Сай айылдык аймагы: Ак-Сай, Таштумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Миң-Булак жана Капчыгай айылдары;
- Ак-Татыр айылдык аймагы: Ак-Татыр айылы жана Орто-Боз айылы (Көк-Терек) Мазеиттин жери участогу менен.
Кадамжай району боюнча өзгөчө макам берилген айылдар:
- Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;
- Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;
- Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;
- Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;
- Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;
- Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;
- Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары.
Буга чейин, үстүбүздөгү жалдын 20-январында президент Садыр Жапаров Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевди кабыл алган. Анда Алимбаев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Ошондой эле, чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилип, 62 айылда киреше салыгы 15%га чейин төмөндөтүлүп, пайда жана сатуудан алынуучу салыктардан бошотулган.
Министрлер кабинетинин 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу сунушу колдоо тапкан.
Ошондой эле, тизмедеги айылдарга электр энергиясын 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүлөрү кабарланган.
Ал эми президент облус башчысына аталган сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырган.
«Баткен облусунун статусу тууралуу» мыйзам долбоору өткөн жылы июль айында Жогорку Кеңештин депутаттарытарабынан үч окууда колдоо тапкан. 2021-жылдын 10-сентябрында президент мыйзамга кол койгон.
Баткендеги чек ара көйгөйү
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасы тактала электиги эң эле актуалдуу көйгөй. Анын жалпы узундугу 970 километрди түзөт.
Чек аранын такталбаган аймактары эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы жер, суу, чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча жаңжалдарга себепчи болуп келет.
2021-жылы апрелдин аягында эки өлкөнүн ортосунда ири куралдуу жаңжал чыккан. Алгач куралды жөнөкөй тургундар, кийин эки өлкөнүн аскерлери колдонууга өткөн.
Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Тажикстан тарап куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.
Жаңжал бир канча күнгө созулуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Тараптар ок атууну 1-май күнү кечке маал гана токтотууну макулдашышкан. Ал эми 3-майда Кыргызстан жана Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарган.
Куралдуу кагылыштан кийин эки өлкөнүн өкмөттөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо үчүн сүйлөшүүлөрдү баштаган. Өкмөттүк делегация түзүлгөн жана бир катар жогушууларды өткөрүшкөн.