Шайырбек Ташиевди мандаттан ажыратуу маселесин атайын комиссия чечет

Депутат Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси Temirov Live’дын иликтөөсүндө айтылган маалыматтар текшерилгенден кийин чечилет. Бул тууралуу «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Төрөбаевдин айтымында, Шайырбек Ташиев фракцияга кайрылып, эгер мандатын тапшырса, күнөөнү мойнуна алган болуп каларын айткан. Ал ошондой эле иликтөөнүн бардык жагдайларын аныктоону суранган.

«Биз макул болдук, бизге да маалымат керек. Ошондуктан абалды толук түшүндүрүп берүүсү үчүн комиссия же топ түзүү өтүнүчү менен төрагага кайрылдык. Эми бул комиссия кандай иштей турганын, ким көзөмөл жүргүзөрүн — укук коргоо органыбы, коомдук уюмдарбы же журналисттерби билбейм», — деди ал.

Төрөбаев мандат боюнча чечим комиссиянын иши жыйынтыкталгандан кийин чыгарын белгиледи. Ошондой эле, Шайырбек Ташиевдин шайлоочуларынан депутаттын мандатын сактап калуу боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

27-январда парламенттин басма сөз кызматы «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылганын билдирген. Алар Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусу боюнча «бейтарап жана адилет» иликтөө жүргүзүүнү суранышкан.

Ведомстводон белгилешкендей, фракция «республика боюнча» жарандардан жана Ташиевдин шайлоочулардынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алганы айтылат. Парламенттик шайлоодо ага бир мандаттуу округдан 21 миңден ашык адам добуш берген.

Камчыбек Ташиевдин берген убадасы

23-январдагы басма сөз жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан болчу.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим», — деген Ташиев.

Мындай билдирүүнү ал Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасаган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Шайырбек Ташиев Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддагы №14 бир мандаттуу округунан шайланган. Эгер ал мандатын тапшырса, мыйзам боюнча бул округда кайра шайлоо дайындалат.