Камчыбек Ташиев бир тууган иниси жакын арада мандатын тапшырат деп билдирди

Шайырбек Ташиев / Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев жакын арада мандатын тапшырат деп билдирди. Ташиев мындай чечим «мурдагы жетекчилердин каталарын кайталабаш үчүн» кабыл алынганын белгиледи.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим. Ал [парламенттин] келерки шаршембидеги отурумунда депутаттыктан баш тартат. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки-үч саясатчы болбойт, мен кызматтан кеткенден кийин каалаган кызматка келип иштей берсин», — деди Ташиев.

Шайырбек Ташиев 2021-жылдын 28-ноябрында №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп келген.

Шайырбек Ташиев

Шайырбек Ташиев — мамлекеттик кызматтарды аркалаган, ошол эле маалда жеке ишкерлик менен да алектенген.

Ташиевдин айтымында, ал эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүндө адис катары баштаган. Кийинчерээк, 2001-жылы, ал Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, ошол эле жылы Монополияга каршы мамлекеттик комиссиясында жетектөөчү адис да болгон.

Ал эми 2003-2013-жылдары Шайырбек Ташиев «Жалал-Абад» бажысында иштеген. Ташиев инспектордон башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.

2013-жылы Шайырбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин бошотулушун талап кылып, Жалал-Абадда митинг уюштурган. Анын жүрүшүндө митингчилер облустук администрациянын имаратын басып алып, Бишкек — Ош унаа жолун тосушкан.

Кийинчерээк митингчилердин алтоосуна «Массалык башалмандыктар» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айып тагылган — алардын ичинде Шайырбек Ташиев жана Жалал-Абад облусунун учурдагы башчысы Абсаттар Сыргабаев да бар. 2013-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусттук соту аларды күнөөлүү деп таап, айыпталуучулардын ар бири үч жылга шарттуу кесилген.

Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот Шайырбек Ташиев жана башка айыпталуучулардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

Шайырбек Ташиев бажыдан кеткенден кийин Кыргыз-өзбек-азербайжан «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводду» жетектеп баштаган. Ал эми 2016-жылы ал Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Шайырбек Ташиев агасы негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан.

Temirov Live’дын журналисттери 2021-жылдын октябрь айында Шайырбек Ташиевге байланыштуу иликтөө жарыялашкан. Анда Шайырбек Ташиев 2021-жылдын жаз айларында Бишкек шаарында 400дөй чарчы метрдик пентхаус сатып алган. Турак жай Ташиевдин уулу Өмүрбекке катталган. Ал эми анын баасы 320 миң долларды түзөт.

2021-жылы Ташиев «эл суранып жаткандыктан» парламенттик шайлоого катышууну чечкен. Шайлоо маалында БШК Ташиевге эки жолу эскертүү берген: биринчиси анын агасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна үй белек кылганы үчүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?