«Ата-Журт Кыргызстан» Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранды

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы парламент төрагасы Талант Мамытовдон Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруусунун жагдайлары боюнча «ар тараптуу, жана адилет» иликтөө жүргүзүп берүүнү суранды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта фракция «республика боюнча» жарандардан жана Ташиевдин шайлоочулардынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алганы айтылат. Парламенттик шайлоодо ага бир мандаттуу округдан 21 миңден ашык адам добуш берген.

26-январда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев УКМКнын төрагасынын иниси, депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Бул боюнча кайрылууну Ташиев Төрөбаевге жөнөткөн.

Ал арада Боршайкомдон 24.kgнин журналисттерине комиссияга Шайрыбек Ташиевден мандатынан баш тартуусу боюнча арыз түшө электигин билдиришти. Арыздын негизинде гана комиссия чечим чыгара алат. 

Үч күн мурда басма сөз жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан болчу.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим», — деген Ташиев.

Мындай билдирүүнү ал Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасаган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Шайырбек Ташиев Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддагы №14 бир мандаттуу округунан шайланган. Эгер ал мандатын тапшырса, мыйзам боюнча бул округда кайра шайлоо дайындалат.