Касым-Жомарт Токаев январь окуяларын эл аралык комиссия иликтешинен баш тартты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 227ден ашык адамдын өмүрүн алган январь окуяларына эл аралык иликтөө жүргүзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Токаев 29-январда «Хабар» мамлекеттик телеканалына курган маегинде билдирди.

«Казакстандагы окуяларды Эл аралык комиссия иликтесин деген маалымат боюнча айтсак, мен андай зарылчылык жок деп эсептейм. Өзүбүздүн колдон келет, бизде чынчыл, калыс адамдар бар», — деди Токаев.

Касым-Жомарт Токаев.

Мындан тышкары, казак президенти кайрадан эле кайгылуу окуялар үчүн жоопкерчиликти башка өлкөлөрдөн келген террористерге жүктөдү. Анын айтымында, алар административдик имараттарды басып алуу боюнча операцияларды жетектеген, аларды кылмыш иштери, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин досьелери кызыктырган.

«Бул чет элдик согушкерлер аралашкан, террористтик маанайдагы тыкыр пландалган акция болду. Согушкерлер аэропортту басып алууну уюштурганын өзүңөр көрдүңөр. Азыр иликтөөлөр аэропорт борбордук азия өлкөлөрүнүн биринен келген адамдарды өткөрүп жиберүү үчүн басып алынганын көрсөтүп жатат. Алар эмгек мигранттары кейпинде келип, чек ара тосмолору аркылуу өтүп, шаарга киргизилген да операцияны баштоого киришишкен», — деп билдирди Токаев.

*Январдын башында Токаев «террорчулар» деп кайра-кайра кайталаган — бул сөз менен нааразылыкка чыккандардын барын атагандай таасир калтырган. Андан кийин ал атайын даярдыктан өткөн 20 000 киши Казакстанга кол салганын жарыялаган — кийин саясатчы бул твитти өчүрүп койгон. Андан тышкары араб тилинде сүйлөгөн согушкерлер тууралуу кептер айтылган.

Кийинчерээк укук коргоо органдары Алматыдагы башаламандыктарда «кошуна өлкөнүн» жарандары катышканын айтып, белгилүү Кыргызстандык пианист Викрам Рузахуновду тополоң чыгарган киши катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бул ызы-чууну дүйнөлүк ЖМКлар чагылдырып, казак бийлигинин позициясы кайрадан өзгөргөн.

Президент Токаев «террорчулар» өлүкканаларга кол салып, өздөрүнүн үзөңгүлөштөрүнүн сөөктөрүн уурдап кетишкенин айткан. Укук коргоо органдары эми башка облустардан келген «мародерлор» кармалганын билдирип, чет өлкөдөн келгендердин катышуусуна басым жасоону токтоткон. Ошондой эле Токаев казакстандыктардын нааразычылыгынан кылмышкерлер да пайдаланганын айткан. Мына эми январдын аягына келип, Токаев кайрадан «борбор азиядагы шаарлардын бирине» кайрылып, «террордук актка» кошуна өлкөнүн тургундарын айыптоого аракет кылып жатат.

Казакстандын президенти нааразычылыкка чыккандарга ок атуу боюнча өзүнүн буйругу тууралуу да комментарий берди. Ал бул чечим «мамлекттин кызыкчылыгы жана жарандардын коопсуздугу үчүн» туура чечим болду деп эсептейт. Ал тынчтык митингинин катышуучуларына ок атып, күч колдонуу болбогонун жана болушу да мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Бирок каза болгондордун арасында бир нече жаш бала да бар. Ал эми оппозициялык «Басе» каналында тынчтык митингинин катышуучуларына ок атылып жаткан көптөгөн видеолорду көрүүгө болот.

Буга чейин Европа парламенти жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Казакстандагы окуялар боюча тыкыр бейтарап иликтөө жүргүзүү талабын коюшкан эле.

Европарламет 20-январда «тынчтык митингинен келип чыккан массалык зомбулук» жана нааразычылык акциясына катышкандардын баарын «террорчу» деп атаган «президент Токаевдин кайраштырган риторикасы» талкууга алынган резолюциясын кабыл алган.

Токаев бул резолюцияны «шашылыш жана калыс эмес» деп атаган.

Казакстандагы нааразылыктар жана баш аламандыктар

Нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон. Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулук менен коштолгон.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Ошол эле учурда казак бийлиги каза болгондордун саны болгону 15 киши экенин билдирген. Башаламандыктар учурунда 225 жаран каза тапкан, 19-январда алардын саны дагы экиге көбөйгөн.

Ал эми Токаев «террорчулар өлүкканадан сөөктөрдү уурдап кетип жатат» деп билдиргенден көп өтпөй полиция «согушкерлердин сөөгү тымызын жашырылган жерди» таап чыккан. Бирок казакстандыктар журналисттерге алардын нааразылык учурунда каза тапкан жакындарынын сөөгүн тартып алып же өздөрү көрсөткөн жалпы көрүстөнгө көмүүнү талап кылышканын айтып берген.