Ош: «Добуш сатып алууга» айыпталган муниципалдык кызматкер акталды

Илюстративдик сүрөт

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Азаттык» партиясынын пайдасына «добуш сатып алууга аракет кылууга» айыпталган Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкери Мунарбек Жээнкулов акталды. Өкүмдү Ош шаардык соту 27-январда чыгарды.

Эмне болгон?

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өткөн жылдын 23-ноябрында «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын «Амир-Тимур» аймагынын башчысы Мунарбек Жээнкуловду «добуш сатып алууга» шектеп кармаган. Жээнкулов тергөө маалында кызматынан алынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жээнкулов 20-ноябрда «Шухрат» аттуу таанышына «Азаттык» партиясына «үгүтчү болуп иштеп берүүнү сунуштап, ар бир добуш үчүн 500 сомдон бере турганын айткан». Ал эми добуштарды сатууга макул болгон шайлоочулардын ар бирине 2 000 сом сунушталган делген.

Анын эртеси күнү «Шухрат» калаадагы Амир-Темир кичи районунун Массив Калинин участкасында жашаган 19 тургундун паспорттук маалыматтарын чогултуп, аларды тизмектеген. 22-ноябрда «Шухрат» аймактагы үйлөрдү кыдырып, дагы 18 тургундун паспорттук маалыматтарын чогултуп жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармоо маалында «Шухраттын» жанынан далил буюм катары шайлоочулардын тизмеси, алардын паспорттук маалыматтары жазылган дептер жана «Азаттык» партиясынын талапкери Ахматбек Келдибековдун сүрөттөрү түшүрүлгөн 14 үгүт баракчасы алынган. Кармалган киши Мунарбек Жээнкуловго каршы көрсөтмө берген.

Ал эми Жээнкулов сурак маалында «Шухратты» үгүтчү катары ишке тартканын жана ар бир добуш үчүн ага 500 сом убадалаганын тастыктаган. Анткен менен ал шайлоочуларга акча берүүнү убада кылган эместигин айткан.

Соттук отурумда «Шухрат» Жээнкуловго каршы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, шайлоочуларга акча сунуштабаганын айткан. Ал эми Массив Калинин участкасынын тургундары «Шухрат» алардын үлөрүнө келип поспорттук маалыматтарын чогултканын ырасташкан. Бирок алар добуш үчүн акча сунушталбаганын белгилешкен.

Өз кезегинде Жээнкулов «Азаттыктын» үгүт материалдарын ага «бейтааныш жаш бала бергенин, аны карабастан эле алып койгонун» айткан. Ошондой эле айыпталуучу «Шухрат» андан «жумуш таап берүүнү суранганда» шайлоо маалында убактылуу партияларга иштеп турууну сунуштаганын билдирген.

«[Айыпталуучу] “ар кимден жумуш сурабастан утурумдук болсо да саясий партияларга кирип, алардын брошюраларын таркатып иштеп турбайсыңбы” деп, жанында жүргөн календарь, брошюраларды ага берип койгон. Бирок “ушул партияга үгүттөө иштерин жүргүзүү же ар бир добуш үчүн акча берилет” деп айтпаганын айтат», — деп берилет өкүмдө.

Ош шаардык соту Жээнкуловго «Шайлоочуларды сатып алууга аракеттенүү» беренеси менен тагылган айып боюнча «кылмыштын курамы жок» деп актады.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Добуш сатып алуу» иши: Ошто муниципалдык кызматкер иштен алынды

БШК: Ошто иштен алынган муниципалдык кызматкер Ахматбек Келдибековго үгүттөгөн

Редактор: Элдияр Бакиров