БШК: Ошто иштен алынган муниципалдык кызматкер Ахматбек Келдибековго үгүттөгөн

Ахматбек Келдибеков

Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануулар реестринде Ош шаарында добуш сатып алууга шектелген «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкери «Азаттык» партиясына үгүттөгөнү маалымдалды.

Ош ШИИБи 24-ноябрда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Бирок милиция шектүүнүн аты-жөнүн жана ал кайсы партияга үгүттөгөнүн ачыктаган эмес болчу.

Ахматбек Келдибековдун сүрөтү түшүрүлгөн үгүт материалдар

БШКда жарыяланган маалыматка ылайык, тергөө учурунда «А.Ш.» аттуу тургунду кармаган. Ал сурак маалында «Азаттык» партиясынын пайдасына калаадагы Амир-Темир кичи районунун Массив Калинин участкасында жашаган тургундардын паспорттук маалыматтарын чогултуп, ар бир добуш үчүн 2000 сом убадалаганын мойнуна алган.

Аталган каражаттарды шектүү Ош мэриясына караштуу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасындагы таанышы «Мунардан» ала турганын айткан. Ошондой эле ар бир добуш үчүн ага 500 сомдон сый акы берилмектигин белгилеген.

«А.Шнын» жанынан далил буюм катары шайлоочулардын тизмеси, алардын паспорттук маалыматтары жазылган дептер жана «Азаттык» партиясынын талапкери Ахматбек Келдибековдун сүрөттөрү түшүрүлгөн 14 үгүт баракчасы алынган.

Андан кийин «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкеринин өздүгү аныкталган — ал ишкананын «Амир-Тимур» тилкесинин башчысы Мунарбек Жээнкулов болуп чыкты. Жээнкулов апрелдеги шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын Ош шаардык кеңешке талапкер болгон.

Сурак маалында Жээнкулов «А.Шны» үгүтчү катары ишке тартканын жана ар бир добуш үчүн ага 500 сом убадалаганын тастыктаган. Анткен менен ал шайлоочуларга акча берүүнү убада кылган эместигин айткан. Бирок милиция беттештирүүдө Жээнкуловдун күнөөсү «тастыкталганы» кабарланды.

24-ноябрда иш шаардык прокуратурага жиберилип, Жээнкулов кызматтан алынган. Ал эми «Жылуулук камсыздоонун» жетекчиси Бекмурза Эргешовго сөгүш берилип, ишкананын башка тийиштүү кызматкерлерине чара көрүү тапшырмасы коюлду.

Талон менен куюлуп берилген күйүүчү май

Буга чейин Ош ОИИБи «Азаттык» партиясы Алай районунун Гүлчө айылында шайлоочуларга күйүүчү майга талон таркатканын маалымдаган. Бул факты боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Тергөө учурунда «Азаттыктын» ишенимдүү кишиси 3-ноябрь күнү Гүлчө айылындагы «Россия Нефть» май куюучу жайдын улук операторуна «маданият үйүнө үгүт-жолугушууга келген кишилерге күйүүчү май куюп бересин» деп 50 миң сом таштап кеткени аныкталган. Талондор шайлоочуларга алдын-ала таратылган.

Милициядан билдиришкендей, 4-ноябрда саат 17:40 чамасында «Азаттыктын» өкүлү май куюучу жайга келип, айдоочулар таштап кеткен талондорду чогултуп, оператор менен бирме-бир эсептешкен. Партиянын өкүлү жалпысынан 80 миң сом төлөгөнү белгилүү болгон.

Натыйжада талон менен май куйган 48 унаа аныкталып, айдоочуларды тергөөгө алып келүүгө тапшырма берилген. Ошондой эле бардык далилдер, видеотасма жана иш-чара өткөн күндөгү тиешелүү кагаздар алынган. Мындан сырткары штабдагы компьютерден талонду жасоодогу файлдар табылган.

Мындан улам 7-ноябрда талондорду жасап тараткан партиянын Алайдагы штабынын башчысы Айтбай Жээналиев иш боюнча шектүү экени кабарланган. Бирок анын жактоочусу «аталган киши ден соолугу начарлап, Ош шаардык ооруканасынын жүрөк оорулар реанимация бөлүмүнө жатканы боюнча» тастыктама алып келген.

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы бул факты боюнча «Азаттык» партиясына жазуу түрүндө эскертүү берген. Ал эми 25-ноябрда иш сотко өткөн.