«Добуш сатып алуу» иши: Ошто муниципалдык кызматкер иштен алынды

Иллюстративдик сүрөт/Kloop

Ош шаардык мэриясына караштуу «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкери добуш сатып алууга шектелип кызматтан алынды. Ал эми ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешовго сөгүш берилди.

Ош ШИИБге 23-ноябрда «аталган ишкананын участка башчысы шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн 2000 сомдон таратууга аракет кылып жатканы боюнча» маалымат түшкөн.

«Добуш сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, Кара-Суу районунун тургуну тергөөгө жеткирилген. Анда ал калаадагы Амир-Темир кичи районунун Массив Калинин участкасында жашаган тургундардын паспорттук маалыматтарын чогултуп, тизме түзүп жүргөнүн мойнуна алган.

Ошондой эле шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2000 сомдон берип, ар бир добуш үчүн өзү 500 сомдон аларын тастыктаган. Ал эми мындай тапшырманы «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын участка башчысы бергенин, акча каражатын да андан аларын билдирген.

Анын жанынан далил буюм катары шайлоочулардын тизмеси, алардын паспорттук маалыматтары жазылган дептер жана саясий партиядан депутаттыкка талапкер адамдын сүрөттөрү бар үгүт баракчалары алынган.

Ал эми участка башчысы тергөөдө «партиялардын биринин программасын колдогондугу үчүн» кишини үгүттөөчү катары иштетип, ар бир добуш үчүн 500 сомдон бермей болгонун тастыктаган.

Мындан сырткары муниципалдык кызматкер Кара-Суунун тургуну менен беттештирилген. Милициянын маалыматында тургун участка башчысынын күнөөсүн «мойнуна коюп берген».

Ош шаардык милициясы «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкери кайсы партияны колдоп жүргөнүн ачыктаган жок.

24-ноябрда иш шаардык сотко жиберилип, участка башчысы кызматтан алынды. Ал эми «Жылуулук камсыздоонун» жетекчиси Бекмурза Эргешовго сөгүш берилип, ишкананын башка тийиштүү кызматкерлерине чара көрүү тапшырмасы коюлду.

Бекмурза Эргешов жана «Ата-Журт Кыргызстан»

«Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жеткчиси Бекмурза Эргешов Ош шаардык кеңешине өткөн акыркы шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып, депутат болгон.

Бирок 27-августта Ош мэрин шайлагандан соң өз арызынын негизинде мандатын тапшырган. Анда Эргешов анын алдында «кызмат же мандат» деген тандоо болгонун айткан.

Ошол учурда «Ата-Журт Кыргызстандан» депутат болгон дагы эки муниципалдык ишкананы жетекчилери — «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов, «Ош шаар суу каналдын» башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров — мандаттарын тапшырып, кызмат ордуларына кайтышкан.

Дагы окуңуз: «Функцияларын аткарды». Оштун мэрин шайлагандан кийин үч депутат мандатын тапшырды

«Ата-Журт Кыргызстан» коомчулукта «бийликчил» деп айтылып келет — аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Анткени партияны Ташиевдин айылдашы Айбек Маткеримов жетектейт.

Маткеримов өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен барган. Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстандан» Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, кайрадан мандатын тапшырган.


Анткен менен Ташиев өзү жана партия лидери Айбек Маткеримов партия УКМКнын төрагасына тиешелүү делген маалыматты четке кагышкан.