Тажикстан Кыргызстандын чек арачылары менен айрым жарандарына кылмыш ишин козгоду

Сүрөт: «Азия-Плюс» басылмасы

Тажикстан 27-28-январдагы куралдуу жаңжал боюнча Кыргызстандын чек арачылары менен айрым жарандарына кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты 2-февралда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон басма сөз жыйын маалында билдирди.

«Кыргызстандын айрым жарандарына жана чек ара кызматкерлерине айрым кылмыштар боюнча айып тагылды, тергөө жүрүп жатат», — деди Юсуф Рахмон.

Ошол эле маалда Рахмон кылмыш иштер канча кишиге жана кайсы беренелер менен козголгонун ачыктаган жок. Мындан сырткары, Рахмон 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча да кылмыш иштер козголгонун, анын алкагында бир катар жарандар кармалганын кошумчалады.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы аталган жаңжал боюнча «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Иштин алкагында 27-28-январдагы ок атышууда жарадар болгон кыргыз жарандарына соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

ИИМ тажик аскерлери «эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү» максатында кыргыз жарандардын үйлөрүн оор ок атуучу куралдар менен аткылаганын билдирген.

Ошондой эле министрлик тажик тарап Баткен районундагы Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма тилкелерине жана Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө тилкесине, ошондой эле ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына кол салышканын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы окуя болгон күнү билдирүү таратып, акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгилеген. Мекеме «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматынан аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөөрүн билдиришкен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды «кыргыз тарап ырбатты» деп билдирген.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы окту биринчи болуп тажик аскерлери чыгарды деп маалымдаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары бул маалыматты четке кагып, «жаңжалдын чыгышына кыргыз тарап күнөөлүү» деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок атканын кабарлаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап учкучсуз учуучу учактарды колдонуп «Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдиришкен.

Ал эми кыргыз чек арачылары тажик тарап Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деп маалыматты бурмалап жатканын айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда келтирилген материалдык чыгым 3 миллион сомду түзгөнүн кабарлады. Чек арадагы ок атышууда эки сарай өрттөлүп, бир нече турак жай жана эки унаа талкаланган. Ошондой эле бодо мал уурдалган фактылар катталган.

Ал эми Тажикстандын Исфара шаарынын мэриясы жаңжалдын чыгымы 1,5 млн сомони (болжол менен 133 000 доллар) түзгөнүн кабарлады. Тажик бийлиги чырда 52 турак жай жараксыз абалга келгенин белгилеген.