«Тынчтыкка каршы кылмыш». Кыргызстандын ИИМи чек ара чырына байланыштуу иш козгоду

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Ички иштер министрлиги Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылындагы чырга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Минстрликтин маалыматында караганда 27-январда саат 18:00 чамаларында Көк-Таш жана Тажикстандын Сомониён айылдарынын ортосундагы такталбаган аймакта коңшу өлкөнүн жарандары курулуш иштерин баштаган. Ал арада Кыргызстандын чек арачылары келип, иштерди токтотууну талап кылышкан.

«Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош — Исфана унаа жолу менен Исфара — Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен», — деп билдиришти ИИМден.

Анткен менен саат 19:30 чамаларында тажик аскерлери «эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү» максатында кыргыз жарандардын үйлөрүн оор ок атуучу куралдар менен аткылап баштаган.

Маалыматка ылайык, тажик тарап Баткен районундагы Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма тилкелерине жана Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө тилкесине, ошондой эле ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына кол салышкан.

«Натыйжада, жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Министрлик аталган факты боюнча «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда жарадар болгон кыргызстандыктарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

28-январга карата абал «туруктуу» экени айтылды, чек арада түн тынч өттү. Кыргызстан тарабынан 11 киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилгени кабарланууда. Ал эми чек арага чектеш жайгашкан айылдардын 1 470 тургуну коопсуз аймактарга эвакуацияланган.

Ал эми тажик тарап чек арадагы атышуудан жарат алгандардын саны 13 адамга жеткенин билдирди — алардын 11и аскер, экөө жай тургун. Ошондой эле, Сомониён айылында бир адам каза тапканы жана Исфара шаарынын мэринин жардамчысына да ок тийгенин кабарланды.

Көп өтпөй Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы билдирүү таратып, акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгилеген. Мекеме «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Ошондой эле Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөөрүн билдиришкен.