Саясатчы, экс-депутат Улукбек Кочкоров өткөн жылдын 1-майында Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кабыл алган №39 протокол күчүнө кире электе эле карапайым калкка кедергесин тийигип жатат деп билдирди. Анын пикиринде, протоколго ылайык Ворух анклавына альтернативдик жол курулса, Тажикстан тарап Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясын толугу менен көзөмөлгө алат.
«Ошондо, Ак-Суу дарыясын* [Тажикстан] толугу менен көзөмөлгө алат — бүгүн суунун 33 пайызын биз [Кыргызстан] ичип атабыз, 67 пайызын алар [Тажикстан] ичип атат. Козу-Багландын 96 пайызын алар ичип жатат, толугу менен аларга өтөт. Ошондой кооптонуу бар. Биз протокол, юридикалык күчү жок, Жогорку Кеңешке келгенде артка түртүп коёбуз деп камырабай отурабыз, бирок ал факты түрүндө жергиликтүү калкка кедергисин тийгизип атат да», — деди саясатчы.
*Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт. «Головной» стратегиялык объект катары таанылып, аны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарышат.
Чырдуу протоколдордун кандай кесепети болушу мүмкүн?
Кочкоров №39 протокол күчүнө кирсе, Лейлек району жана Баткен районунун бир нече айыл аймактарынын тургундары анклавда калып, кийин көчүп кетүүгө аргасыз болорун айтат.
«Азыркы протоколго “эч кооптонбогула, эч нерсе болбойт” деп атпайбызбы, бирок ал жерде: “Баткен району убактылуу колдонуп турган жерден берилет” деп жазылып турат. “Кыргызстанга таандык жерден” деп жазылган жок. Биз ушул жерден келечекте боло турчу чыр-чатактын үрөнүн салып атабыз. “Ушул жол бүтүп, статусу белгиленмейинче, чек араларды жылдырбайбыз” деп атат. Ошол жол бүткөндөн кийин аска тоолордун арасынан Кыргызстан эч качан жол алып өтө албайт. Ошондо Лейлек району, Сүлүктү, Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрү толугу менен анклавда калат дагы, көчүп кеткенге мажбур болот», — деди ал.
*28-апрелде эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймакта бири-бирине таш ыргытып, кийин чыр куралдуу кагылышка алып келген. Анын кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза таап, Тажикстандын 19 жараны курман болгон. Кийин 1-майда эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюшкан. Анда №39 протокол кабыл алынганы белгилүү болгон. Өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары — Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.
Протокол боюнча жарыяланган алгачкы маалыматта Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулары айтылган. Жолду тажик тарап колдонуп, өзү тейлей турганы маалымдалган. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат делген. Айланма жол Баткен районунун Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген.
Саясатчы Кыргызстан Тажикстан менен 1989-жылы ири жаңжалдан кийин дагы келишим түзгөнүн эске салды. Анын айтымында, ага ылайык, Кыргызстан Тажикстанга 450 гектар жер берген. Ал эми Тажистан Кыргызстандын Самаркандек айылына 4,5 куб суу бериши керек болчу, бирок аны аткарган эмес.
«Биз тараптан жерди бөлдүк, тажиктер өздөштүрүп, ошол кездеги төрөлгөн балдар балалуу болуп отурат. Биз суусу жок отурабыз. Мына бул келишим дагы ратификациядан өткөн эмес. Кечеги Төрт-Көчөнүн жанындагы чырдуу протокол дагы юридикалык күчкө ээ эмес, бирок ошол протоколдун негизинде, тажик тарап ошол жерлерди тамаркага берип салып, үйлөр курулуп, бүгүн чыр-чатак чыгып атат», — деди саясатчы.
Маселени чечүү үчүн бийлик эмне кылышы керек?
Улукбек Кочкоров чек арадагы көйгөйдү чечүү үчүн кыргыз бийлиги кесипкөй жана иштин көзүн билген кадрларды дайындашы керек деген пикирде.
«Келечекке стратегияны түзүшүбүз керек. Өткөн-кеткен бардык протоколдорду инвентаризация кылып, бир карап көрүп, алар боюнча эмне иш аткара алабыз, кантип ушундан баш тарта алабыз анализдеп көрүп, алдыңкы беш-он жылга кантип иш алып барарыбызды аныктап алышыбыз керек. 10-15 жылдан бери саясатта жүрөм, тилекке каршы мындай ырааттуу иш-чараларды көрө элекмин», — деди Кочкоров.
Кочкоров кыргыз бийлигинин туруксуздугу жана иш алып баруудагы стратегиялык пландын жоктугу чек арадагы көйгөйдүн келип чыгышына негизги себептеринин бири деп эсептейт.
«Тажикстанда 30 жалдын бери бир туруктуу бийлик болуп атат, бизде бийлик беш жылда бир алмашып, өкмөтүбүз туруксуз — жыл сайын эле алмашып атат. Ал эмес акыркы жылдары бир жылда эки жолудан алмашып атат. Мунун баарынын кесепети тийип атат. Алар [Тажикстандын бийлиги] стратегиялык план менен “Ушул жерге барам, могу пункттар менен, ушул иштерди аткарам” деп иштеп атат. Биздикилер болсо, улам жаңы келген примьер-министр күнүмдүк иштер менен алек болуп, стратегиялык көз карашы дагы жок болуп атат», — деди ал.
Кочкоров чек арадагы жаңжалды Тажикстандын бийлиги уюштуруп, «бизге туура эмес иш-чараларды кабыл алдырууга түрткү» болуп, Кыргызстандын бийлигине «басым кылып атат» деп эсептейт.
«Кечээ күнү Ятимовдун* сөзүнө кулак түрсөңөр: “Эгер силер ушул протоколдорду аткарбасаңар, бул иш-чаралар дагы уланат, дагы мындай чыр-чатактар чыга берет” деп айтып атат да. Бул бизге ынгайсыз, бизге туура эмес иш чараларды кабыл алууга түрткү же басым болуп атат деп ачык айта алам», — деди ал.
27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан соң Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажиктсандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жолуккан. Андан соң эки өлкөнүн атайын кызматынын башчылары журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ятимов өз сөзүндө кабыл алынган протоколдорду сактабоо «жаңжалдын чыгышына алып келет» деп айткан.
«Биз негизги документ катары 1924-27 жылдары кабыл алынган протоколду, 1989-жылы кабыл алынган комиссиянын чечимин колдонуп жатабыз. Бул протоколдорду кылдат аткарышыбыз керек. Укуктук актылардан, кол коюлган протоколдордон четке чыгуу конфликттерге алып келет. [...] Биз 2020-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протокол тууралуу сүлөштүк. Бул эң маанилүү протоколдордун бири (башкалардай эле). 8 күндөн кийин так ушул протоколду ишке ашырууга киришебиз жана ушул протоколдун кабыл алынган пункттарынын (бөлүмдөрүнүн негизинде) иш жүргүзөбүз. Бул протокол мурун жарыяланган. Мындан улам, так 8 күндөн кийин паритеттик комиссиялар топографиялык жана укуктук маселелер боюнча иштеп баштайт»
Камчыбек Ташиев Ворухка жол куруу тууралуу
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Лейлек району эч качан анклав болбойт, ал эми Ворухка курула турчу жолдун статусу «мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат» деп айткан.
«Ал жол кимдики болушу керек, кандай салыш керек, узундугу кандай болушу керек, аны [жолду] ким карашы керек, мунун баары мамлекеттик чоң келишимдин негизинде гана жүргүзүлөт. Чоң келишим түзүлүп, ошондон кийин гана чечим кабыл алынат. Анан жок эле жерден Лейлек анклавда калат деген туура эмес, Лейлекти эч качан анклавда калтырбайбыз. Рават — Ак-Сай менен да жана сөзсүз түрдө Төрт-Көчө менен да жол болот», — деп түшүндүргөн УКМКнын төрагасы.
Тема боюнча дагы окуңуз:
Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты
«Катастрофа жана жол берилгис нерсе». Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ворухка жол куруу тууралуу
«Лейлек эч качан анклав болбойт». Ташиев Тажикстан менен cүйлөшүүлөр боюнча