«Лейлек эч качан анклав болбойт». Ташиев Тажикстан менен cүйлөшүүлөр боюнча

Лейлек району эч качан анклав болбойт, ал эми Кыргызстандын аймагында Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилбейт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал «саясатчылар, блогерчалыштар» жана кээ бир депутаттар Кыргызстанда Тажикстандын анклавына транспорттук коридор берилет деп элге жалган маалымат таратып жатышат деп түшүндүрдү.

«Ворухга жол бериш үчүн биринчиден ал жолдун статусун аныктап чыгышыбыз керек. Ал мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат. Ал жол кимдики болушу керек, кандай салыш керек, узундугу кандай болушу керек, аны [жолду] ким карашы керек, мунун баары мамлекеттик чоң келишимдин негизинде гана жүргүзүлөт. Ал чоң келишим түзүлүп, ошондон кийин гана чечим кабыл алынат. Анан жок эле жерден Лейлек анклавда калат деген туура эмес, Лейлекти эч качан анклавда калтырбайбыз. Рават — Ак-Сай менен да жана сөзсүз түрдө Төрт-Көчө менен да жол болот», — деп билдирди УКМКнын төрагасы.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан Ак-Сай айылын кеңейтиш үчүн Рават-Ак-Сай жаңы жолун салат.

Ташиев кошумчалагандай, кыргыз тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бир аптадан кийин кайрадан ишин жандандырат. Ал көп нерсени айта албастыгын, бирок «Тажикстан чек ара маселесин чечүүгө өтө кызыктар» деп белгиледи.

Ворух Анклавы — Кыргызстандын Баткен облусундагы Тажикстандын аймагы. 130 чарчы километр жерде 35 миңдин тегерегинде адам жашайт. Анклавдын жана анын тегерегиндеги аймактардын жашоочулары пайдаланууга вето коюлган талаштуу жерлерге отурукташып алдыңар деп бири-бирин айыптап келишет.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстан менен Ворухту байланыштырган жол өтөт. Анын транзиттик деген статусу бар: Анда көзөмөл өткөрүү пункт жана чек ара көзөмөлү жок. Бирок жол өткөн жердеги кыргыз айылдарынун тургундары ал чек арачылар тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканына нааразы.

Лейлек району — түштүктө Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы үч райондун бири. Бул аймак коңшу өлкөгө өтө жакын жайгашкандыктан, ал жакта жашоочулардын, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда бат-баттан эле жаңжалдар болуп турат.