Саясат талдоочу Айданбек Акматов Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин кабыл алган №39 протоколду «катастрофа» деп атады. Аталган документте Ворух анклавына альтернативдик жол курулары айтылган.
*28-апрелде эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргытып, кийин ал ок атуулар менен коштолгон. Анын кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болсо, Тажикстандын 19 жараны курман болгон. Кийин 1-майда эки мамлекеттин өкмөт делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюшкан. Анда №39 протокол кабыл алынганы белгилүү болгон. Өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары — Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.
Протоколго ылайык, Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы.
Жолду тажик тарап колдонуп, өзү тейлей турганы маалымдалган. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Айланма жол Баткен районунун Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген. Ошондой эле, жолдун курулушу тез арада башталышы үчүн топографиялык жумушчу тобуна долбоор боюнча уюмдар менен бирге 2021-жылдын 1-июнуна чейин аталган тилкенин «Баткен районунун иш жүзүндө колдонушун» изилдөө тапшырылган.
Айданбек Акматов протоколдогу төмөнкү маселеге өзгөчө көңүл бурган. Анын айтымында, жол курула турган тилкедеги Баткен районуна караштуу жерлер юридикалык эмес, факт жүзүндө гана Кыргызстанга караштуу деп бааланып калган.
«Мына ушуга кыргыз тарап жол берген, жол берип эле калбастан, кол коюп берген. Хожа Аъло менен Ворухтун ортосундагы Ак-Сай айылынын жери Баткен районуна “факт жүзүндө” караган деп жазылган жана кол коюлган. Демек Баткен району "юридикалык ээси эмес", "талаштуу жер" дегенге негиз берилип жатат», — деп нааразы болду ал.
Акматов аталган жол курулуп калса иш жүзүндө «анклав жоюлат» деген пикирде.
«Ал жол аркылуу Ворухка каалагандай каттоого, жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүшүнө жол берилет деген. Бул иш жүзүндө анклав жоюлат дегенге тете. Эгерде тажик тарап анклавга каалаган жүгүн (курал-жарак) өткөрсө…», — деп жазды ал.
*Ворух — Баткен облусундагы Тажикстандын анклавы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Эки өлкөнүн бийлиги СССР тарагандан кийин ондогон жылдар өтсө дагы, чек арасын тактай албай келет. Мындан улам анклавдын айланасында чек арага байланышкан чырлар тынчыбай келет.
Саясат талдоочу альтернативдик жолду куруу менен «Ворухтан Исфарага чейинки аймак толугу менен Тажикстандын карамагына өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берилип жатат» деген пикирде.
Ошондой эле Акматов Тажикстандын максаты ишке ашса, Баткен районунун бир бөлүгү, Лейлек району, Сүлүктү шаары «анклав болуп калышы мүмкүн» деп кооптонот.
«Бул Кыргызстан үчүн катастрофа жана жол берилгис нерсе», — деп белгиледи ал.
Буга чейин ушундай эле ойду Баткен облусунун экс-губернатору, парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаты Султанбай Айжигитов да айткан. Ал эгер Ворухка жол бериле турган болсо «Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп калат» деп эскерткен.
Жанар Акаев №39 протокол тууралуу
2022-жылдын 1-февралында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук, коргоо жана миграция комитети чек ара маселесин жабык эшик артында талкуулады. Комитеттин төрагасы, депутат Жанар Акаев «Ворухка эч кандай коридор берилбейт, Лейлек району анклав болбойт» деп ишендирди.
«Буга кабатырланууга эч кандай негиз жок. Анткени кандайдыр бир протокол ишке кириши үчүн, өзүнчө мамлекеттер аралык эки өлкөнүн ортосунда келишим болот. Ал келишим тууралуу эч кандай процедура болгон жок», — деди ал.
Акаев протокол күчүнө кириш үчүн президенттер кол коюшу керектигин белгиледи.
«Эки өлкөнүн президенти келишимди терең изилдеп, анализдеп чыгып, кол койгондон кийин гана ишке ашат. Бирок эки өлкөнүн кол коюу ниети туралуу сөздү уккан жокпуз. Ошондуктан Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген эч кандай иш болбойт деп ишендирип кете алам», — деп белгиледи эл өкүлү.
Камчыбек Ташиев Ворухка жол куруу тууралуу
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Лейлек району эч качан анклав болбойт, ал эми Кыргызстандын аймагында Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилбейт» деп айткан.
Ал «саясатчылар, блогерчалыштар жана кээ бир депутаттар Кыргызстанда Тажикстандын анклавына транспорттук коридор берилет» деп элге жалган маалымат таратып жатышат деп билдирди.
«Ворухга жол бериш үчүн биринчиден ал жолдун статусун аныктап чыгышыбыз керек. Ал мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат. Ал жол кимдики болушу керек, кандай салыш керек, узундугу кандай болушу керек, аны [жолду] ким карашы керек, мунун баары мамлекеттик чоң келишимдин негизинде гана жүргүзүлөт. Чоң келишим түзүлүп, ошондон кийин гана чечим кабыл алынат. Анан жок эле жерден Лейлек анклавда калат деген туура эмес, Лейлекти эч качан анклавда калтырбайбыз. Рават — Ак-Сай менен да жана сөзсүз түрдө Төрт-Көчө менен да жол болот», — деп түшүндүрдү УКМКнын төрагасы.
Тема боюнча: «Лейлек эч качан анклав болбойт». Ташиев Тажикстан менен cүйлөшүүлөр боюнча
2021-жылдын майы айынын башында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев №39 протокол боюнча түшүндүрмө берген. Анда Ворухка жол куруудан сырткары айрым чек ара тилкелерин тактоо да каралган.
Ташиев №43 чекиттен №61 чекитке чейинки жана №135 чекиттен №141ге чейинки чек араны аныктоодо 1924-1927-жылдардагы документтер жана улуттук-аймактык демаркациянын материалдары, ошондой эле 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары колдонула тургандыгын айткан.
«Дагы бир жолу кайталайм, бул жылдардагы карталар [1924-1927 жана 1989] №43төн №61ге чейинки жана №135тен №141ге чейинки тилкелерди тактоодо гана колдонулат. Мунун Ворух* анклавына тиешеси жок», — деген Ташиев.
*№ 43 жана № 61 тилкелери Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал эми №135ден №141ге чейинки тилкелер Баткен районунун Карабак айыл аймагынан орун алган.
Ташиев жол качан гана анклавдын айланасындагы чек ара делимитация жана демаркациядан өткөндөн кийин колдонууга берилет деп ишендирген.
«Бизге башка мамлекеттин бир метр дагы жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр да жерибизди бербейбиз. Өлкө жетекчилиги, биз, баарыбыз ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз», — деп белгилеген Ташиев.
Хожа Аъло — Ворух жолун куруу тууралуу келишим
Алгач жол боюнча президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы, чек ара делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев үн каткан эмес. Ал эми келишим ЖМКларга жарыяланган күнү, 2021-жылдын 6-майында Жапаров Баткендин Максат айылынын тургундары менен жолугушкан. Жолугушууда президент аталган жол тууралуу суроо берген балдарды «чагымчыл» деп атаган.
Ошондой эле жол Ворухка коридор берилерин четке кагып, жолду «Баткенге тиешелүү деп көрсөтүп жатабыз» деп ишендирген. Мындан сырткары УКМК төрагасы кийинчерээк үн катып, «Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн» деп айткан.
«Тажикстандын жарандары үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабындагы жол колдонулат. Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн. Анын статусу өзүнчө мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат», — деген ал.
Ал эми 14-майда Баткен районунун Ак-Сай айылынын 20дай тургуну альтернативдүү жолдун курулушуна каршылыгын билдирип митинг өткөрүшкөн. Алар эгер жол салынса алардын аймагы «экиге бөлүнүп калаарын» айтып тынчсызданышкан.
Кыргыз-тажик чек арасынын чечилбеген көйгөйү
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.
Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган.
Аталган аймактын тургундары арасында чыр-чатак жер, жайыт, суу талаштан улам такай чыгып турат. 2019-жылы да июль айында чыр чыгып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмон жаңжал болгон аймакта жолуккан.
Кыргыз бийлиги жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.