Кара-Суу: Жаш баланы коюп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалды

Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагында жети жашар баланы коюп, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) басма сөз кызматынан 4-февралда билдиришти.

Ош ЖКККБдан билдиришкендей, окуя 2-февралда болгон. Анда «Хюндай-Старекс» үлгүсүндөгү унаа жети жаштагы Стант айылынын тургунун жолдон өтүп баратканда коюп, изин жашырып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен жарат алып, Кара-Суу райондук балдар ооруканасына жеткирилген.

Ал эми Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери териштирүүнү баштап, анын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 43 жаштагы тургунун кармаган. Ал унаасын Сузактагы үйүндө бекитип койгону аныкталган.

«[Шектүү] Кара-Суу райондук ЖКККБнын башчысы, милициянын майору Уран Мурзалиев жана ушул эле бөлүмдүн издөө боюнча инспектору, милициянын кенже лейтенанты Жанар Ахмедовдор тарабынан кармалган», — деп билдиришти мекемеден.

Кармалган кишинин автоунаасы Кара-Суу райондук ЖКККБнын айып короосуна киргизилген. Ал эми Кара-Суу РИИБи «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Садыр Жапаров 2021жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин отурумунда жол кырсыгынан жабыркаган балдардын саны 43%га кобойгонун билдирген

Тема боюнча

Кара-Суудагы жол кырсыктан бир киши каза таап, 10 киши жабыркады

Таластагы жол кырсыктан сегиз киши каза болду, милиция териштирүүнү баштады