Таластагы жол кырсыктан сегиз киши каза болду, милиция териштирүүнү баштады

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

15-октябрда Талас облусундагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 61-чакырымында «Хонда-Степвагон» менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышып, сегиз киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, каза тапкандардын жетөө эркек, бирөө аял — алардын аты-жөнү такталууда. Каза болгондор «Хонда-Степвагондун» жүргүнчүлөрү жана айдоочусу.

Кырсык болгон жерге Талас районунун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын төрт куткаруучусу тартылып, маркумдардын сөөктөрүн милиция кызматкерлерине өткөрү беришти.

Ал эми Талас райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча «Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу аймактык ооруканага жеткирилип, кийинчерээк үйүнө дарыланууга чыгарылган.

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда «Гольф-3» менен «Вольво» үлгүсүндөгү чоң оор жүк ташуучу унаа кагышып, 23 жаштагы киши каза болгон.