Кара-Суудагы жол кырсыктан бир киши каза таап, 10 киши жабыркады

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсык катталып, 20 жаштагы эркек киши каза тапты. Ошондой эле кырсыкта 10 киши жабыркады — алардын арасында үч жаш бала жана Өзбекстандын жарандары бар.

Өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматына ылайык, кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 645-чакырымында болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседес-Бенц Спринтер» менен «Субару Аутбек» жеңил унаалары кагышкан.

Кырсык болгон жерге Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан төрт куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

«Жол кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканасына жалпы 10 киши түшкөн: 34, 37, 33 жаштагы эркектер, 31 жаштагы эки эркек, эки аял жана 18 жаштагы өспүрүм — Өзбекстан Республикасынын жарандары, ошондой эле 8, 5 жана 2 жашар үч жаш бала», — деп берилет ӨКМдин билдирүүсүндө.

2021-жылдын ноябрь айында аталган унаа жол тилкесинде «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагышып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 15 киши ооруканага түшкөн, алардын ичинен үч жаш бала жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми каза тапкандардын үчөө — аял, төртөө — эркек киши, бирөө — 15 жаштагы өспүрүм кыз болгон.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Садыр Жапаров: Жол кырсыктарынан жабыркаган жаш балдардын саны 43%га көбөйдү

Нарын: Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бишкекте үч унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар