«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Лейлекте көчмө жыйынга чогулушту

Сүрөт: «Азаттык»

«Ынтымак» жана «Ишеним» фракцияларынын депутаттары 5-февралда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы, 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу жана чырлардын курчуп кетишине жол бербөө маселелери каралууда.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Тажикстан менен чек аймактардагы кырдаал тууралуу маалыматты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевден угушат.

Мындан сырткары фракция депутаттары Ош — Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы капиталдык оңдоого муктаж болгон тилкелери жана Бишкек — Исфана — Бишкек түз авиакаттамы боюнча маалыматтар менен таанышат.

Депутаттардан сырткары жыйынга Каржы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транcпорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, УКМК жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышууда.

Алимбаевдин айтымында, өткөн жылкы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен облусу 1 млрд 300 млн сомдук зыянга учураган. Баткен облусунун жетекчиси жаңжалда кыйраган 140 үй кайрадан курулуп, жабыркаган ишкерлерге кенемте төлөнгөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын январь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыркагандарга 84 млн сом төлөп берүү маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды «кыргыз тарап ырбатты» деп билдирген.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы окту биринчи болуп тажик аскерлери чыгарды деп маалымдаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары бул маалыматты четке кагып, «жаңжалдын чыгышына кыргыз тарап күнөөлүү» деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок атканын кабарлаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап учкучсуз учуучу учактарды колдонуп «Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдиришкен.

Ал эми кыргыз чек арачылары тажик тарап Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деп маалыматты бурмалап жатканын айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда келтирилген материалдык чыгым 3 миллион сомду түзгөнүн кабарлады. Чек арадагы ок атышууда эки сарай өрттөлүп, бир нече турак жай жана эки унаа талкаланган. Ошондой эле бодо мал уурдалган фактылар катталган.

Ал эми Тажикстандын Исфара шаарынын мэриясы жаңжалдын чыгымы 1,5 млн сомони (болжол менен 133 000 доллар) түзгөнүн кабарлады. Тажик бийлиги чырда 52 турак жай жараксыз абалга келгенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

Укук коргоочулар Баткенди калыбына келтирүү ишине «3» деген баа беришти