Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

«Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин 2-февралдагы отурумунда кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Айжигитов сунушун чек арадагы кооптуу абал «жогорку деңгээлге чыгып кеткени» менен негиздеди.

Айжигитовдун айтымында, депутаттык комиссия «күнөөлүүлөрдү издебей», эмне себептен чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей жатканын аныктоо максатын көздөйт.

«30 жылдан бери биз эмне себептен ушул деңгээлге жеттик, эмне себептен ушундай согушка чейин бара турган деңгээлге жеттик? Өзүбүзгө кошуна, тууган эл менен кандай даражага жеттик? [...] Ошонун бардыгын изилдеп туруп “оорунун себептерин” аныктагандан кийин, кыргыз-тажик чек арасы боюнча стратегиялык саясатты иштеп чыгышыбыз керек», — деди депутат.

Ошондой эле Айжигитов бийлик кыргыз-тажик чек арасына ал жерде чыр чыкканда гана көңүл бурат деп эсептейт.

«Чыр-чатак чыкканда эле чыгып барып койгон — бул жарабайт, болбойт. Себеби, бүгүнкү күндө чыр-чатактар жогорку деңгээлге чыгып кетти. Жаңжалдар [эки өлкөнүн] атайын кызматтардын атайын операциясына айланып кетти. Ошондуктан комиссияны ыкчам түрдө түзүү керек», — деди Айжигитов.

Чек арадагы ок атышуу

27-январда Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында чыр чыккан. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы алгач тажик жарандары Төрт-Көчө аймагына таш төгүп, Баткен — Исфана автожолун жарым саатка тосуп алганын билдирген. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөнү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжал 27-январда болжолдуу саат 17:20да Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылдык кеңешинин тургундарынан турган 50 адамдын белгисиз тобу Ходжаи-Аъло калктуу пунктунун аймагындагы көпүрөдө тажик жаранын «Портер» үлгүсүндөгү унаасын мажбурлап токтоткондуктан башталганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдиришкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

Ошол эле маалда Тажикстандын чек арачылары «кыргыз тарап ок атууну токтотпой, учкучсуз учуучу учактарды колдонуп Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдирген.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы бул айыптоого Тажикстан «маалыматты бурмалап жатат» деп жооп кылды. Ошондой эле Тажикстандын чек арачылары өлкөнүн аймагында чалгындоо жүргүүзүү максатында акыркы учурда учкучсуз аппараттарды колдонуп жүргөнүн билдирген.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгиледи. Мекемеден «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылганын маалымдаган. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.