Иллюстрация: Kloop.kg үчүн Алина Печёнкина тарткан

Эскертүү: Бул материал баңгизатка байланышкан кылмыштарга шектелген учурда кармоо процессинин укуктук аспектилери жөнүндө баяндайт. «Клооп» жана «Мыйзам алкагында» юридикалык фирмасы тыюу салынган баңгизаттарды попагандалабайт жана пайдалануунуга үгүттөбөйт.

Эмне болду?

22-январда Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров кармалган. Аларды тинтүү учурунда милиция экөөнөн тең гашиш салынган баштыкчаларды тапкан. Экөө тең кармоо учурунда баңгизатты чөнтөгүнө укук коргоо кызматкерлери салып коюшканын айтып жатат.

Темировду кечке жуук Temirov Live’дын кеңсесинен кармашкан. Беткапчан, ит ээрчиткен орган кызматкерлери кирип келип эркектерди полго жаткырып, аялдарды отургузуп тинте баштаган. Болот Темировдун өзүнүн айтымында, алар арткы чөнтөгүнө кочкул-жашыл түстөгү затты салып, андан соң алып чыгышкан.

Болот Назаров болсо Жумабек жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Милиция кызматкерлери төкмө акындын жанынан полителен баштыкчадагы гашиш табылганын жарыялашкан.

Мындай атайын операцияны милиция кайда болсун ишке ашырат — үйдө, кеңседе, көчөдө керек болсо сиз көп барган коомдук жайларда. Мындай кырдаалга кабылганда эмне кылуу керек? Биз юристтер менен бирге сиздерге бир нече сунуштарды даярдадык.

Мен көчөдө/кеңседе/үйдө/кафедемин, мага милиция кызматкерлери келишти. Эмне кылам?

Биринчиден, өзүңүздүү токтоо кармаганга аракет кылыңыз. Бул кырдаалды так баалоого жана кийинки кадамдардын планын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Каршылык көрсөтпөңүз. Бул сизди милиция кызматкерлеринин күч колдонуусунан сактайт. Каршылык көрсөткөн учурда алар сизди күчтөп жерге жаткырып, колуңузду артка кайрышы мүмкүн. Ошондой эле, каршылык көрсөтүп жатып кокустан милиция кызматкеринин пагондорун жулуп алсаңыз соттолушуңуз мүмкүн.

Чагымга алдырбаңыз жана милиция кызматкеринин талаптарын аткарыңыз.

Алар кандай негизде келиши мүмкүн?

Сизди токтотуп, документ талап кылуу үчүн укук коргоо органынын кызматкерлеринин мыйзамдуу негизи болууга тийиш. Алар сизге, мисалы кимдир бирөө чакырганда же сиз мыйзам бузсаңыз келиши мүмкүн.

Милиционер эч негизсиз эле сиздин чөнтөк-башыңызды аңтарып, баңгизат издөөгө акысы жок.

Милиция паспорт/өздүгүмдү тастыктоочу документ талап кылып жатат. Аларды көрсөтүүгө милдеттүүмүнбү?

Ооба, эгер сиз мыйзам бузууга шектелсеңиз милиция кызматкерлери сизден өздүгүңүздү тастыктоочу документ талап кылууга укуктуу. Мыйзам боюнча сиз документти жаныңызга алып жүрүүгө милдеттүү эмессиз, бирок жаныңызда жок болсо, милиция өздүгүңүз такталганга чейин камап коюшу мүмкүн.

Албетте, милицияга паспортуңуздун телефонго тартып алган сүрөтүн көрсөтсөңүз деле болот, бирок ал паспорт жасалма эмеспи деп күмөн санашы мүмкүн. Документтин көчүрмөсүн көрсөтүү деле ушундай эле, анткени мыйзам боюнча кандай гана документ болбосун көчүрмөсүн нотариус күбөлөндүрүшү керек.

Милиция кызматкери сөзсүз формачан болууга жана өзү да документтерин көрсөтүүгө милдеттүүбү?

Эгерде атайын операция тууралуу сөз болсо, анда көбүнчө тергөөчү жана ыкчам иликтөө кызматкери келет. Тергөөчү эреже боюнча дайыма форма кийип келет, ал эми ыкчам кызматкер — жарандык кийимчен. Экөө тең сизге документтерин көрсөтүшү керек.

Тергөөчү менен ыкчам кызматкерди сүрөткө тартып алса болот, бирок алар кээде документтерин тартууга тыюу салышы мүмкүн. Андай болсо, сиз алардын аты-жөнүн жазып же болбосо оозеки айтып аудио же видеого жаздырып алсаңыз болот.

Мыйзам боюнча бир гана атайын отряддын жоокерлери документин көрсөтпөйт. Алардын жеке маалыматтары мыйзам менен корголот, ошондуктан алардан беткапты чечүүнү талап кыла албайсыз. Эгер атайын отряддын кызматкеринин жүзү беткап менен жыбылса сүрөткө тартууга болот.

Кандай учурда жана эмне себептен атайын отряддын жоокерлери келет?

Атайын даярдыктагы аскерлер (же атайын багыттагы түзүм) шектүү каттодо турган учурда тартылат — бул УКТ мүчөлөрү же өзгөчө оор кылмышка айыпталган же коркунучтуу кылмышкерлер.

Мени тинткени жатышат. Ким тинтүүгө укуктуу жана бул үчүн соттун токтому керекпи?

Эгер сиздин өзүңүздү тинте турган болуп, кийимиңиздин чөнтөктөрүн сыртка чыгарууну суранса анда тергөө судьясынын токтомунун кереги жок.

Сизди бир жыныстагы адам гана тинте алат. Ошондой эле, тергөөчү сизди чечинүүгө мажбурлай албайт — тинтүү адамдын ар намысын басынтпашы керек. Айрым өзгөчө учурларда гана денеңизди жабуу үчүн сизге башка кийим же кездеме берилиши мүмкүн.

Сиздин кеңсеңизди жана үйүңүздү тинтүү үчүн сөзсүз милицияда тергөө судьясынын токтому болушу керек. Мындай документти сүрөткө тартууга болот.

Жактоочуну качан чакырсам болот?

Милиция кызматкерлери тинтүүгө келери менен адвокат чакырууга укуктуусуз. Ошол эле маалда адвокат жокто деле сизди тинте алышат.

Адвокат келип, бирок аны тинтүү жүрүп жаткан жайга киргизбей жатса эмне кылуу керек?

Тилекке каршы, мыйзамдуу нерселердин азы гана практика жүзүндө натыйжалуу болот. Көпчүлүк учурда аткаминерлерди киргизишет: Акыйкатчы аппаратынын жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун укук коргоочуларын киргизишет.

Менин арткы чөнтөгүмө баңгизат салып коюшуптур, эми аны чөнтөгүмдөн чыгарууну талап кылып жатышат. Эмне кылышым керек?

Сиз чөнтөгүңүздү өзүңүз аңтарбастан, муну тергөөчү аткарышын сурансаңыз болот. Себеби, эгер сиз баңгизаттын таңгагына колуңузду тийгизип алсаңыз, анда сиздин бармак издериниз калышы мүмкүн.

Эгер сиз баңгизат салынган чөнтөгүңүздү аңтарууну чечкен болсоңуз, анда ошол колуңуз менен кийимиңизди, бетиңизди жана жеке буюмдарыңызды кармабоого аракет кылыңыз. Бул сизди ашыкча издерди калтыруудан коргойт.

Милиция менин канымда баңгизаттын бар-жогун аныктоочу тесттен өтүүнү талап кылып жатат, баш тарта аламбы?

Ооба, баш тарта аласыз. Мыйзам боюнча, мындай процедура сиздин макулдугуңуз менен гана өткөрүлүшү керек. Эгер сиз рулда болуп, текшерүүдөн баш тартсаңыз 17,5 миң сом айып пул салып, унаа башкарууга тыюу салышы мүмкүн.

Менден баңгизат табышты. Мени кандай жаза күтөт?

Бул сизден кандай баңгизат табылганына, анын көлөмүнө жана так эмне кылганыңызга жараша болот: аны колдондуңузбу, сактадыңызбы же тараттыңызбы?

Мисалы, марихуа колдонгон болсоңуз 1000 сом айып салынат же 20 сааттык коомдук жумушка тартыласыз.

20 граммдан ашык кургатылган марихуананы сатуу максатын көздөбөстөн сактаган учурда 20 миң сом айып пул төлөө же 40 саат коомдук иштерге тартуу жазасы берилиши мүмкүн.

Сатуу максатында баңгизат сакталган учурда айып пул менен кутулууга болбойт. Үй мүлкүн конфискациялоо менен 5-8 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ошону менен катар, баңгизатты алганда жана андан ары экспертиза жүргүзүү учурунда таразага бир гана баңгизатты тартуу абдан маанилүү. Тажрыйба көрсөткөндөй, баңгизатка ун, саман, тамеки ж.б. кошулмалар аралашып калган учурлар да кездешет.

Мени бөлүмгө алып кеткени жатышат. Барышым керекпи? Мени мажбурлап алып барса болобу?

Барганыңыз жакшы, бирок бөлүмгө барганда жактоочуну чакыртуу керек. Милиция бөлүмүнөн мамлекеттик жактоочуну талап кыла аласыз, бирок өзүңүздүн жактоочуңуз болгону жакшы — ал сөзсүз сиздин кызыкчылыгыңызды коргойт деген ишеничте болосуз.

Мени кармашты. Андан ары эмне болот?

Сизге жактоочу келгенге чейин унчукпай коюга укуктуусуз. Эсиңизден чыгарбаңыз: сиздин айткандарыңыздын баары өзүңүзгө каршы колдонулушу ыктымал. Ошондуктан жалган көрсөтмө бербеңиз жана аларды өзгөртпөңүз.

Сизди милиция бөлүмүндө 48 сааттан (эгер сиз жашы жете элек болсоңуз 24 сааттан) ашык кармоого алардын укугу жок. Бул убакыт ичинде сот сиздин кармалышыңыздын мыйзамдуу же мыйзамсыз экени тууралуу чечим чыгарышы керек. Эгер күнөөлүү эмес болсоңуз үйгө коё беришет.

Андай болбосо, сизге карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталат. Сот сизди эки ай аралыгында эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үйгө жөнөтөт же ошол эле мөөнөткө ТИЗОго кармоо чечимин чыгарат. Бул аралыкта тергөөчүлөр сиздин күнөөңүз бар же жок деген жыйынтыкка келүү үчүн иштин материалдарын чогултушат.

Андан кийин сот сизди — айыптаган же актаган өкүм чыгарышы керек.